ИНТЕРПОЛЯЦИЯ
ИНТЕРПОЛЯ́ЦИЯ (лат. interpolatio – өзгөрүү, кайра жасоо), м а т е м а т и к а д а ж-а с т а т и с т и к а д а – чоңдуктун белгилүү маанилери боюнча анын аралык маанилерин табуу. Мисалы, эгер yi = f (xi) (мында i=0, 1, 2, ..., n ) y функциясынын маанилери x0 < x1< ... xn чекиттеринде гана белгилүү болсо, анда xi чекитинин арасында жатуучу х чекитиндеги f(x) функциясынын маанилерин табуу. Эгерде х чекити (x0, xn) интервалынын сыртында жатса, анда ал функциянын экстрополяция маселеси деп аталат. Эң жөнөкөй сызыктуу интерполяцияда f(х) тин х чекитиндеги x <x<x барабарсыздыгын канааттандыруучу мааниси үчүн x = х0 ж-а x = x1 x − x чекиттеринде f(x) м-н дал келүүчү у= [f(xi) – x1 − x – f(x )] +f(x ) (1) сызыктуу функциянын мааниси кабыл алынат. Эгерде f(x) функциясынын x0, x1, ..., xn чекиттериндеги гана маанилери белгилүү болсо, анда бул чекиттерден айырмаланган x1 чекитиндеги анын мааниси тууралуу анык эч нерсе айтууга болбойт. f(x) функциясы ж-а анын туундусу кандайдыр бир барабарсыздыктарга баш ийгенде, интерполяция маселеси белгилүү мааниге ээ болот. Мисалы, функциянын f(x0) ж-а f(x1) маанилери берилсе ж-а x0< x<x1 болуп, f "(x)≤ M экендиги белгилүү болсо, анда (1) формумуланын каталыгы f (x) − y ≤ (x − x0 )(x1 − x) 2 барабарсыздыгы м-н бааланат. Интерполяция функциялардын маанилерин эсептөөдө гана эмес, математиканын колдонмолорунда (мисалы, жакындаштырып интегралдоодо, теңдемелерди жакындаштырып чыгарууда, статистикада кокусунан болгон өзгөрүүлөрдү жоготуу максатында бөлүштүрүүнүн каталарын түзөтүүдө) да колдонулат. «Интерполяция» терминин биринчи жолу англиялык математик Ж. Валлис (1656) астрономиялык ж-а математикалык таблицаны түзүүдө колдонгон.
Ад.: Гончаров В. Л. Теория интерполирования и приближения функции. М., 1954; Крылов В. И., Бобков В. В., Монастырный П. И. Вычислительные методы. М., 1976–77.