ИНТЕРНЕТ-АДРЕС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНТЕРНЕ́Т-А́ДРЕС , IP-а д р е с – компютьердин интернетке түздөн-түз кошулгаН бөтөнчө адреси. Ал 4 байтты ээлейт. Кабыл алууга ыңгайлуу болуш үчүн чекиттер м-н ажыратылган төрт сан сыяктуу жазылат, мис., 195.210.128.3. Эң алгачкы сан белгилүү бир компьютерди, калганы тармактын номерин көрсөтөт. Тармактын керектөөчүсү, эреже катары, IP-адрес эмес, аталыштардын домендик системасы м-н иш жүргүзөт.