ИНТЕРНЕТ
ИНТЕРНЕ́Т (интер... ж-а англ. net – желе) – компьютерлердин глобалдык тармагы. Ал компьютердик желелерди колдонуучуларды, ошондой эле, жеке компьютер пайдалануучуларды өз ара байланыштыргандыктан, маалымат ж-а кабар алуу, кабар жиберүү, буюм ж-а кызмат табуу ж. б. үчүн колдонулат. Интернет дүйнө боюнча бир нече миллион компьютерди бириктирет. Ал ВВS (Bulletin Board System – кулактандыруу тактасы), башкача айтканда башка компьютер м-н байланыштыруучу атайын программаны аткарган компьютер сыяктуу аракет кылат. Компьютерлер системасы м-н байланышуу үчүн адегенде ага кирүү, башкача айтканда провайдер м-н байланыш түзүү керек. Байланышуучу кардар өзү жөнүндө билдиргенден кийин гана байланыш түзүлөт ж-а система өз кызматынан пайдаланууга уруксат берет. Системага кирүү үчүн телефон номери, жашырын аты ж-а өздүк эсеби талап кылынат. Интернет түйүнүнө кирүү тартиби: Off-Iine – электрондук почта кызматы, файл серверинен файл жөнөтүү. On- Iine тартибинде маалымат ресурсуна кирүү үчүн бир нече система иштелип чыккан: WAIS (Wide Area Information Server – глобалдык маалымат сервери), WWW (World Wide Web – бүткүл дүйнөлүк желе), Hypex-G, FTR (File Transfer Protocol – файл жөнөтүү токтому) ж. б. Байланыш программалары туташтыруу ыкмасына (туруктуу, түздөн-түз терим, терминалдык терим ж-а электрондук почта аркылуу) жараша түрдүүчө болот. Интернеттин керектөөчүсү «Бүткүл дүйнөлүк желени» WWW пайдаланып, гипертексттик документ алмашуу, файл берүү, электрондук почта алмашуу ж. б. иштерди жүзөгө ашырат. Интернет илимдин түрдүү тармагы боюнча маалымат казынасы болуп эсептелет.
Ад.: Семенов Ю. А. Сети интернет: Архитектура и протоколы. М., 1998.