ИНТЕРНАЦИОНАЛ (жумушчулардын эл аралык шериктештиги)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРНАЦИОНА́Л б и р и н ч и (Ж у м у ш ­ч у л а р д ы н э л а р а л ы к ш е р и к т е ш­т и г и ) – жумушчулардын эл аралык бирин­чи уюму. 1864-жылы 28-сентябрда Лондондо уюшул­ган К. Маркс м-н Ф. Энгельс негиздеген. Жу­мушчулардын эл аралык шериктештигинин уюмдаштыруу манифести, уставы, үндөө, цир­куляр ж-а чечимдерин К. Маркс иштеп чыккан. Ал документтерде марксизмдин программалык ж-а тактикалык жоболору өнүктүрүлгөн. Жу­мушчу табы капитализмди ойрондоочу ж-а со­циализмди куруучу күч деп көрсөтүлгөн, социалисттик революцияда саясий бийликтин (пролетариат дикта­турасынын), аны жеңип алуу зарылдыгынын, пролетариат үчүн өз саясий партиясын түзүүнүн, социалдык боштондук үчүн күрөштө ар түрдүү өлкөлөрдүн жумушчуларынын биригишинин маанисин баса белгилеген. Биринчи интернационалдын иши­не туруктуу комитети бар Генералдык Совет жетек­чилик кылган, ал Европадагы негизги өлкөлөр­дөн, АКШ, Австриядан келген жумушчу өкүлдө­рүнүн улуттук секцияларына (федерацияла­рына) таянып иш алпарган. 1870-жылы биринчи интернационалдын Европа өлкөлөрүндөгү ишмердүүлүгү ток­тогон, 1876-жылы уюм таркатылган.