ИНТЕРВАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕРВА́Л (лат. intervallum – аралык) – м у­з ы к а д а ж-а а к у с т и к а д а – эки үндүн бийиктигине жараша байланышы. Интервалдын тө­мөнкүсү анын негизи, жогоркусу эң бийиги деп аталат. Эгер үндөр бир убакта алынса, гармо­ниялуу интервал, удаа алынса, обондуу интервал делет. Ошон­дуктан интервал добуш катарындагы үн баскычтары­нын саны аркылуу түшүндүрүлөт. Музыкалык теория­да интервал жарым тондун ж-а тондун саны м-н че­нелсе, музыкалык акустикада үндөрдүн термелүү санын салыштыруу м-н ченелет. Мисалы, добуш катары­нын төмөнкү үнүнүн термелүүсү жогорку үндү­күнөн эки эсе аз. Интервал диатоникалык ж-а хрома­тикалык болуп бөлүнөт. Диатоникалык интервалга таза интервал (прима, кварта, квинта, октава) м-н ко­шо чоң ж-а кичине интервал (секунда, терция, секста, септима) кирет. Хроматикалык интервалга бардык көбөйтүлгөн ж-а азайтылган интервал, көбөйтүлгөн прима – до-до-диез, азайтылган секунда – до­ре-бемоль кирет. Ошондой эле интервал консонанска ж-а диссонанска бөлүнөт. Интервалдын мүнөздүү угулушу анын ладдагы, аккорддогу ж-а динамикадагы абалына жараша болот.