ИНТЕЛЛИГИБЕЛДҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕЛЛИГИБЕЛДҮҮ (лат. intel-ligibilis – түшүнүлгөн, ойлонулган, ойдогу) – дүйнөгө таан­дык нерселерди интеллекттин же акыл-эстин жардамы аркасында гана түшүнүү. Интеллигибелдүү дүйнө деп рухий чындыкты чагылдырган идеялардын, идеалдардын, образдардын ж-а түшүнүктөрдүн дүйнөсү айтылат. Иммануил Канттын пикири боюнча интеллигибелдүүлүк – сезимдер аркылуу эмес, акыл-эс м-н гана түшүнүүгө мүмкүн болгон нерселер. Иммануил Кант­тын философиясында нукура акыл (чистый ра­зум) интеллигибелдүү дүйнөгө жаратылыштын кубулушу бо­луп эсептелген физикалык нерселерди киргизбейт, ал эми тажрыйбалык акыл-эс (практический ра­зум) адамдын жүрүм-турумунун негизин түзгөн идеалдуулуктардын баарын интеллигибелдүү дүйнөгө кир­гизет.