ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ОБЪЕКТИЛЕРИНИН НАРКЫН БААЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ОБЪЕКТИЛЕРИНИН НАРКЫН БААЛОО эл аралык стандарт­ка, классикалык үч ыкмага негизденет: чыгымдык баалоо интеллектуалдык менчик объектисин жаратууга, коргоого жана колдонуу­га байланышкан чыгымдардын бардык сумма­сын эсептөөгө негизденет. Чыгымдык баалоо ыкмасы көпчүлүк учурда келечектеги киреше­лерди алууга катышпаган жана азыркы учурда киреше бербеген материалдык эмес активдерди баалоо үчүн колдонулат. Рыноктук баалоо ыкмасы же салыштырып сатуу ыкмасы боюнча материалдык эмec активди болжолдогон келишим боюнча баалоону ушул сыяк­туу келишим м-н салыштыруу караштырылат. Салыштырылуучу эки келишим келишимдин рентабелдүүлүгүнүн эсептеринде колдонулуучу негизги экономикалык параметрлери боюнча салышты­рылат. Демейде бул капиталдын жүгүрүмдүүлүгү ж-а ойлоп табууну же товардын белгисин пай­далануудан алынган таза киреше болуп саналат. Бул ыкма адабияттын, көркөм өнөрдүн жогор­ку чеберчилик м-н жаралган чыгармаларын са­туудан программалык продуктуларды көбөйтүп чыгарууда ж-а сатууда пайдаланылышы мүмкүн. Кирешелик баалоо азыркы учурда ушул ак­тивден келечекте киреше алууну күтүү м-н шарт­талган конкреттүү материалдык эмес активдин экономикалык баалуулугуна негизденет. Интеллектуал­дык менчиктин пайдалануудан алынуучу кире­шеcи аны сатуунун натыйжасында алынган жал­пы кирешенин өлчөмүндөгү үлүшүн бөлүп салуу жолу м-н аныкталат.