ИНСТРУМЕНТАЛИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНСТРУМЕНТАЛИ́ЗМ – философияда ж-а илим методологиясында илимий түшүнүктөрдү, теорияларды, гипотезаларды адамдын жаратылыш, коом м-н болгон өз ара аракеттенишүүсүндө ага ориентация берүүчү курал (инструмент) катары караган багыт. Инструментализм прагматизм, операционализм ж-а конвенционализм м-н тыгыз байланыштуу.