ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ . Илим сыйымдуу технологияларды өздөштүрүү, инновациялык продукцияны өндүрүүнүн ж-а экспорттоонун көлөмүн жогорулатуу зарылчы­лыгы инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү­нүн төмөнкүдөй стратегияларын аныктайт:

«күчөтүү» стратегиясы жеке өзүнүн илимий-техникалык ж-а өндүрүштүк-техникалык күч кубатын пайдаланууга негизделет. Илимий жыйынтыктарды ж-а өндүрүш­түк күч-кубатты өнөр жайда пайдаланууда жогорку деңгээлдеги технологиялар өздөштүрүлөт, ички ж-а тышкы рыноктордо жаңы, атаандаштык­ка жарамдуу продукцияны чыгаруу акырындап күчөтүлөт;

«сырттыкын өздөштүрүү» стратегиясы өз өлкөсүнүн инновациялык күч-кубатын пайда­ланып, өнүккөн индустриялык өлкөлөрдө өн­дүрүп чыгарылуучу илим сыйымдуу продукция­ны чыгарууну өздөштүрүү болуп саналат. Ан­дан ары бардык инновациялык цикл боюнча инно­вациялык продукцияны түзүүдөн тартып, ры­нокто сатууга чейинки жумуштарды өз алдын­ча жүргүзүүгө жөндөмдүү илимий-техникалык ж-а өнөр жай потенциалын бир эле учурда өнүктүрүү м-н про­дукцияны өндүрүү күчөтүлөт;

«өткөрүп алуу» стратегиясы болгон чет өл­көлүк илимий-техникалык ж-а өндүрүштүк-технологиялык потен­циалды чет өлкөлүк тике инвестицияларды тар­туу жолу м-н, жаңы муундагы продукция өндү­рүүнү өздөштүрүү үчүн жогорку натыйжалуу жа­ңы технологияларга лицензия сатып алуу жолу м-н өлкөнүн экономикасында пайдалануу.

Мамлекеттик ж-а жеке ишкерлер секторло­рун туура айкалыштыруу стратегияларды на­тыйжалуу пайдаланууга, инновациялык ишмер­дүүлүктү күчөтүүгө, атаандаштыкка жарамдуу илим сыйымдуу продукция чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Өндүрүштүн атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу көз карашынан ресурстарды сарам­жалдуу сактоо, жогорку даражада кайрадан иш­тетилген продукциянын үлүшүн көбөйтүү, тех­нологияларды жаңыртуунун керектүү динами­касын камсыз кылуу, автоматташтыруу, техно­логияны ж-а продукцияны сертификациялоо, экологиялуулук тармактардын инновациялык ж-а технологиялык жактан өсүүнүн кыйла орчундуу, артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.
Мамлекеттик инновациялык саясаттын стратегия­ларында мамлекеттик маанидеги жогорку натыйжа­луу ж-а өзүн тез актоочу эң орчундуу инновация­лык долбоорлор артыкчылыктуу болушу керек. Мамлекет тобокелчиликтин бир бөлүгүн өзүнө алып, аларды жүзөгө ашырууга жеке инвестор м-н үлүштүк башталышта катышууга тийиш.
Инновациялык кырдаалды жакшыртуу ж-а инновациялык ишмердүүлүктү күчөтүү макса­тында инновациялык долбоорлордун рыногун калыптандыруу, баалуу корпоративдик кагаз­дардын экинчи рыногун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, чет өлкөлүк инвесторлордун кара ниет атаан­даштыгына каршы аракеттенүү зарыл.
Экономиканы өнүктүрүүнүн инновациялык жолун ж-а эң жаңы илимий-техникалык иштеп чыгуулар м-н жогорку технологияларды пайдалануунун негизинде өнөр жай тармактарын технологиялык жактан кайрадан жабдууну мамлекеттик колдоонун куралда­рынын бири максаттуу программаларды, илимий- изилдөөлөр м-н тажрыйба-конструктордук иштеп чыгууларды, ошондой эле аларды өнөр жайлык өздөштүрүүнү финансылоо үчүн мамлекеттик бюджеттин ж-а бюд­жеттен тышкары булактардын каражаттарын топтоштуруу болуп саналат.
Ата мекендик өндүрүштү инновациялык өнүк­түрүүнү жүзөгө ашыруунун максаттуу програм­маларын калыптандыруу бир катар принцип­тердин негизинде ишке ашырылышы зарыл. Анын ичинде мамлекеттик деңгээлдеги эң маанилүүлөрү:

максаттуу программаларды түзүүнүн негизи болуп саналган долбоорлорду аны өнөр жайлык жүзөгө ашыруудан максималдуу экономикалык кайтарым алуу максатында коммерциялык ж-а бюджеттик на­тыйжалуулуктун талаптары боюнча сынактык тандоо;

максаттуу программаларды калыптандыруу этабында программалык иш-чараларды анык­тоодогу ийкемдүүлүк (аны финансылоонун объектисин тандоо долбоорлорду илимий-техникалык, экономикалык, өндүрүштүк ж-а экологиялык талаптар боюнча баалоонун негизинде ишке ашырылат);

мамлекеттин, жеке бизнестин, коммерция­лык эмес ж-а коомдук уюмдардын экономикалык кызык­чылыктар м-н өз ара милдеттенмелерди айка­лыштырууга негизденип, ийгиликтүү кызмат­ташуусу үчүн программанын чегинде шарт түзүү болуп саналат.
Ошентип, максаттуу мамлекеттик ж-а региондук npoграммаларды, ошондой эле инновациялык долбоорлор­ду айкалыштыруу жогорку технологиялуу өн­дүрүштүн потенциалын пайдалануунун неги­зинде ички ж-а тышкы рынокту атаандаштык­ка жарамдуу продукция м-н толтурууга шарт түзөт.