ИНКЛИНАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНКЛИНА́ТОР (лат. inclino – эңкейтем) – маг­ниттик эңкейишти өлчөөчү курал. Инклинатордун же­белүү ж-а индукциялуу эки түрү бар. Ж е б е­ л ү ү инклинатор горизонт багытындагы ок темирге бе­китилген, айланып туруучу магнит жебесинен турат. Мында магниттик эңкейиш ±2 тактык­ка чейин аныкталат. Магниттик эңкейиш өтө жогорку тактыкта аныкталган и н д у к ц и я ­л у у инклинатордун иштеши Жердин магнит талаасы­нан айлануучу түрмөктө индукциялык токтун (ЭДС) пайда болушуна негизделген. Мында ко­шумча гальванометр да пайдаланылат. Ферро­зонддуу инклинатор да бар.