ИНИЦИАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИНИЦИА́ЦИЯ (лат. initiatio – өтө сырдуу) – алгачкы жамааттык коомдогу ырым-жырымдардын бир түрү. Балакатка толгон өспүрүмдөр урууга мүчө болуп өтөрдүн алдында сүннөткө отургузуу, кескилөө, тишин сындыруу, түтүнгө тумчуктуруу ж. б. сыяктуу үрп-адаттар жүргүзүлгөн. Сыноодон өткөндөн кийин аларга чоң кишидей мамиле жасала баштаган. Инициация жаштарды уруу ичиндеги чарбалык, коомдук, никелик ж-а рухий турмушуна даярдоо максатын көздөгөн. Инициациянын айрым ырымдары жаш балдарга да колдонулган. Инициациядан калган ырым-жырымдар – иудаизмде ж-а исламда сүннөткө отургузуу, христиан дининде чокундуруу ж. б.
Ы. Кадыров.