ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНЖЕНЕРДИК ГЕОЛО́ГИЯ – геологиянын има­раттарды ж-а түрдүү курулуштарды (жол, көпүрө, канал, суу сактагыч ж. б.) куруу иште­рин изилдей турган тармагы. Жердин үстүңкү кыртышынын геологиялык шарттарын – кыртыштын сапатын, гидрогеологиялык абалын, рельефин, сейсм кыймылдардын таасирин, тоо тектердин кура­мын, түзүлүшүн, текстурасын ж-а физикалык-механикалык ка­сиеттерин изилдөө; курулуш м-н табияттын бири-бирине тийгизген таасиринен келип чык­кан процесстер м-н кубулуштарды болжолдоо ж-а алардын зыяндуулугуна каршы чараларды иштеп чыгуу. Инженердик геология курулуш башталардын ал­дында имарат ж. б. тургузулуучу жердин таби­гый геологиялык шарттарын, курулушту тургузуу ж-а аларды пайдалануу учурунда тоо тектерде болуу­чу өзгөрүүлөрдү изилдейт. Азыркы мезгилде бир да курулуш инженердик геологиялык изилдөөсүз башталбайт. Инженердик геология изилдөөлөрдүн натыйжасында курулуш­тарды жайгаштыруунун эң ыңгайлуу жерин, алардын ишенимдүү конструкциялык материалдарын ж-а жумуштарды жүргүзүү жолдорун аныктайт. Инженердик геология бир нече атайын тармактарга бөлүнөт: кыртыш таануу (грунтоведение) – тоо тектери м-н кыртышты, инженердик курулуштарды тургузуу­чу жайды, табигый курулуш материалын чөйрө катары изилдейт; кыртыш механикасы – кыр­тыштын туруктуулугун, бекемдигин изилдейт; геологиялык процесстерди изилдөө – инженердик геодинами­ка, аймактык инженердик геология; атайын – курулуш, жол, аскердик инженердик геология; жер астындагы суулардын ку­рулушка тийгизген таасирин инженердик гидрогеоло­гия изилдейт. Кийинки мезгилде тоң таануу, лёсс таануу, деңиз инженердик геологиясы, инженердик сейсмология сыяктуу тармактары чоң мааниге ээ болууда. Инженердик геология гидрогеология, геокриология, нефть геоло­гиясы сыяктуу илимдер м-н тыгыз байланыш­туу. Инженердик геология өзүнүн изилдөөлөрүндө геология, геофизика ж-а физика м-н химиянын ыкмаларын кеңири колдонот. 1968-жылы Прагада болгон эл аралык геологиялык конгресстин 23-сессиясында инженер-гео­логдордун эл аралык ассоциациясы уюштурул­ган. Кыргызстанда инженердик геологиялык изилдөөлөрдү КР УИАнын геология институтундагы гидрогеология ж-а инженердик геология бөлүмү, ошондой эле КР мамлекеттик долбоорлоо институттары ишке ашырат.


Ад.: Маслов Н. Н., Котлов М. Ф. Инженерная гео­логия. М., 1971.