ИНДУКЦИЯЛУУЛУК
ИНДУКЦИЯЛУУЛУК – электр тизмегинин магниттик касиетин мүнөздөөчү физикалык чоңдук. Контур аркылуу өткөн ток анын айланасында магнит талаасын пайда кылат. Контурду кесип өтүүчү магниттик агым Ф электр тогуна I түз пропорциялаш: Ф=LI. Пропорциялаштык коэффициенти L – индукциялуулук же контурдун өздүк индукциясынын коэффициенти деп аталат. Индукциялуулук контурдун чоңдугуна ж-а анын геометриялык формасына, ошондой эле чөйрөнүн магниттик өткөрүмдүүлүгүнө көз каранды. Индукциялуулук бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) генри (Гн) м-н ченелет, ал эми СГС системасында индукциялуулук узундук ченине ээ. Ошондуктан индукциялуулук бирдиги сантиметр м-н өлчөнөт (1 Гн=109 см). индукциялуулук аркылуу контурдагы ток өзгөргөндө андагы пайда болуучу өздүк индукциянын ЭКК төмөнкүчө туюнтулат: ε = −L ∆I∆t ∆I , мында – ∆t ток күчүнүн өзгөрүү ылдамдыгы. Индукциялуулук токтун магнит талаасынын энергиясын аныктайт: W=LI2/2 /2. Бул формуланы механикадагы нерсенин кинетикалык энергиясы м-н салыштыруудан, массанын электр-динамикалык окшоштугу индукциялуулук экени көрүнүп турат. Демек, индукциялуулук – токтун инерциялык касиетин аныктоочу чоңдук. Индукциялуулукту көбөйтүү үчүн темир өзөкчөлүү чыгырыктар колдонулат.