ИНДУКЦИЯ
ИНДУ́КЦИЯ (лат. inductio – сөзмө-сөз – келтирүү) – фактылардан кандайдыр бир гипотезага (түкшүмөл ырастоого) алып келүүчү ой корутундусу, башкача айтканда мурдагы тажрыйбага таянып, байкоонун ж-а эксперименттердин болочок натыйжасын алдын ала билүүгө байланышкан жалпылоонун түрү. Индукция толук ж-а толук эмес болуп айырмаланат. Жалпылоо акыр аягына чейин камтылган фактылардын тармагына тийиштүү болсо, толук индукция деп, ал эми жалпылоо фактылардын бүтпөгөн же акыр аягына чейин камтылбаган тармагына тийиштүү болсо, ал толук эмес индукция деп аталат. Толук индукцияга караганда толук эмес индукция пайдалуу, себеби ал белгилүү фактылардан белгисиз фактыларга өтүүгө мүмкүндүк берет ж-а анын жардамы м-н адамдын таанып билүүсү кеңейет (к. Дедукция).