ИНДОНЕЗИЯЛЫКТАР
ИНДОНЕЗИЯЛЫКТАР – Индонезиянын негизги калкы. Түштүк Чыгыш Азия аралы, Жаңы Гвинеянын батыш бөлүктөрү, Малайзия, Филиппин, Бруней ж-а Сингапурда да жашашат. Жалпы саны 375 млн киши (2007), көпчүлүгүн явалыктар, сундалыктар, мадурлар, малайялыктар, минангкабау, бугис, бали, банжар, ачех, макассар ж. б. түзөт. Индонезиялыктардын дини – ислам (90%), христиан, буддизм ж-а индуизм. Б. з. ч. 3–2- миң жылдыкта Түштүк Чыгыш Азиянын моңгол тилдүү уруулары Индонезия аймагына көчүп келип, жергиликтүү веддоиддик ж-а меланезоиддик уруулар м-н аралашып, индонезиялыктардын этностук негизин түзгөн. Азыркы индонезиялыктар 19–20-кылымдарда калыптана
баштаган. 1945-жылы көз каранды эмес Индонезия Республикасы жарыялангандан кийин улуттук ж-а этностук биригүү процесси күчүнө кирип, жалпы индонезия тили ж-а маданиятынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн. Индонезиялыктардын негизги кесиби – дыйканчылык (күрүч, жүгөрү, маниок, батат, арахис, соя эгишип, экспорт үчүн каучуктуу өсүмдүктөр, пальма майы, бал камыш, чай, кофе, какао, хина дарагы, тамеки, калемпир, сизаль ж. б. өсүмдүктөрдү айдашат), мал чарбачылык, балык уулоочулук. Тамак-ашы негизинен эт, балык, дан азыктары ж-а жашылча-жемиштер. Суусундук катары кофе, чай, кокос жаңгагынан жасалган сок колдонушат.
Ш. Керимова.