ИНДОНЕЗИЯ
ИНДОНЕ́ЗИЯ , И н д о н е з и я Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Малайя архипелагында (Чоң ж-а Кичи Зонд аралдары, Молукка аралы) ж-а Жаңы Гвинея аралынын батыш бөлүгүндө (Батыш Ириан) жайгашкан. Аралдары түндүгүнөн ж-а борбордук бөлүгүнөн Тынч океан ж-а анын деңиздери (Бали, Банда, Молукка, Саву, Серам, Сулавеси, Флорес, Түштүк Кытай, Ява), түндүк-батышынан, батышынан ж-а түштүгүнөн Инди океаны ж-а анын деңиздери (Андаман, Арафура, Тимор) м-н чулганат. Кургактык аркылуу Малайзия (Калимантан аралында), Папуа–Жаңы Гвинея (Жаңы Гвинея аралында) ж-а Чыгыш Тимор (Тимор аралында) өлкөлөрү м-н чектешет. Аянты 1,9 млн км2. Батыштан чыгышты карай (экваторду бойлой) 5,1 миң кмге (3 саат алкагы), түндүктөн түштүктү карай 1,8 миң кмге созулат. Калкы 224,9 млн (2007).
Борбору – Жакарта шаары (Ява аралында). Расмий тили – индонезия тили (бахаса индонесиа). Акча бирдиги – индонезия рупийи. Административдик-аймактык жактан 31 провинцияга (2 автономия кошо) ж-а 2 өзгөчө административдик округга (Чоң Жакарта борбордук округуна ж-а Жокьякарта округуна) бөлүнөт (к. таблицаны).
Таблица
Индонезия– БУУнун (1950), ЭВФтин (1954), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1954), Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (1962), АСЕАНдын (1967), Ислам конференция уюмунун (1969), Азия-Тынч океан регионунун коопсуздугу боюнча кызматташуу кеңешинин (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Индонезия – унитардык республика. Азыркы конституциясы 1945-жылы кабыл алынган. Мамлекеттин ж-а өкмөттүн башчысы – президент, ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн да башкы командачысы. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик кеңеш конгрессине таандык. Ал эки палатадан – Эл өкүлдөр кеңешинен ж-а Аймактык өкүлдөр кеңешинен турат.
Саясий партиялары: Голкар, Индонезия Демократиялык партиясы, Бириккен өнүгүү партиясы, Улуттук ойгонуу партиясы ж. б. 50гө жакын партия катталган.
Табияты. Индонезия экватордук кеңдиктерде, атмосферанын муссондук циркуляция зонасында жайгашкан. Экватор аймагында ж-а аралдарда жайгашк андыгы дайыма жылуу режимдин түзүлүшүнө шарт түзөт. Чулгаган деңиздерге суусунун жылуулугу (27°Сден жогору), агымынын сезон боюнча өзгөрүлмөлүүлүгү ж-а деңиз жаныбарларынын көптүгү мүнөздүү. Индонезия 3 миңден ашык аралда жайгашкан (ирилери – Ява, Суматра, Калимантан м-н Сулавесинин басымдуу бөлүгү, Жаңы Гвинеянын батыш бөлүгү). Түздүктөр м-н тоолор (бийиктиги 5029 мге чейин, Жая чокусу; Жаңы Гвинея аралында) болжол м-н бирдей аянтты ээлейт; жанар тоолор көп (400дөй жанар тоо бар, анын аракеттегиси 100дөн ашык). Аракеттеги ири жанар тоолору: Керинчи (бийикт. 3800 м, Суматра аралында), Ринжани (3726 м, Ломбок аралында), Семеру (3676 м, Явада) ж. б. Индонезиянын басымдуу бөлүгү кайнозой тектогенезине, Суматранын түндүк-чыгышы ж-а Калимантандын түштүк- батышы мезозой, Жаңы Гвинеянын түштүк бөлүгү ж-а Ару аралдары мезозойго чейинки бүктөлүштөргө кирет. Ургаалдуу вулканизм, өтө сейсмдүүлүк ж-а оордук күчүнүн ири аномалиясы аймактын тектоникалык активдүүлүгүн тастыктайт. Индонезия кен байлыктарга бай; алардын ирилери: нефть, газ, жез, алтын, күмүш, калай, никель, темир, алюминий (боксит), күкүрт, көмүр ж. б. Климаты экватордук ж-а субэкватордук, түздүктөрдө абанын температурасы жыл бою 26–28°С, тоолордо салкыныраак. Жылдык жаан-чачыны 2000–4000 мм
(өлкөнүн көп бөлүгүндө текши жаайт). Жаан-чачын эң көп жааган (6000 ммге чейин) жери – Суматра аралынын батышындагы тоолор. Субэкватор алкагында жайгашкан аймактарында (Яванын басымдуу бөлүгү, Кичи Зонд аралы) климаттын сезондуулугу байкалат: декабрь–март жаанчыл, июнь–сентябрь кургакчыл болот; жылдык жаан-чачындын өлчөмү 2000 ммге, өлкөнүн четки түштүк-чыгышында 600–700 ммге чейин азаят. Дарыяларынын суусу мол ж-а жыш, негизинен кыска; эң узун дарыясы – Капуас (узундугу 1000 кмден ашык), Калимантан аралында. Көлдөрү көп, алар негизинен тектоникалык кыймылдан ж-а жанар тоодон пайда болгон. Индонезия жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстарынын зор запасына (2838 км3) ээ. Чарбада агын суунун 3%и гана пайдаланылат, анын 90%и айыл чарбасында, 8%и коммуналык-тиричиликте, 1%и өнөр жайында керектелет. Дарыяларынын гидроэнергиялык потенциалы өтө зор (15,5 млн кВт), бирок ал аз гана өздөштүрүрүлгөн. Негизинен кызыл-сары ферралит топурактары басымдуу; орто бийик тоолордун капталдарында күрөң тоо топурактары ж-а тоо-шалбаа, жанар тоолуу аралдарга күрдүү жанар тоо (андосолдор), түздүктөргө тропиктик аллювий ж-а саз топурактары мүнөздүү. Кылымдар бою шалы өстүрүлгөн түздүктөрдө ж-а тектирленген тоо боорлорунда өзгөчө «күрүч» топурагы пайда болгон. Жапыз жээктерде өтө кычкыл мангр топурагы өөрчүгөн.
Флорасы өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт, анда татаал өсүмдүктөрдүн 27,5 миңден ашык (анын ичинде дарактардын 17,5 миң) түрү бар. Токой өлкөнүн аймагынын 60%ин, саванна м-н бадал 8%ин ээлейт. Түздүктөрүндө ж-а тоо капталдарында 1300–1500 м бийиктикке чейин нымдуу дайыма жашыл экватордук токой (гилея) басымдуулук кылат; андагы негизги дарак түрлөрү: диптереокарпустар, фикустар, расамала, панданустар, нан дарагы, ошондой эле пальмалар, дарак сымал папоротниктер, бамбуктар. Лиандар, эпифиттер көп. Тоо капталдарын андан жогору дайыма жашыл ж-а аралаш токой, жазы жалбырактуу (эмен, каштан, бук) ж-а ийне жал-
бырактуу токой (подокарпус), ийри-буйру өскөн өсүмдүктөр токою, бадалдар ж-а шалбаа ээлейт.
Өлкөнүн түштүк-чыгышына жалбырагын күбүүчү токой (тик, зараң, казуарина), саванна (бийик өскөн аланг-аланг, жапайы бал камыш) таралган. Жапыз жээктерге ж-а дарыя чаттарына мангр токою мүнөздүү. Токой аянты жыгач иштетүүдөн, өрттөн, айдоо аянттарын кеңейтүүдөн, кен байлыктарын казып алуудан өтө азайган (1990–2000-жылдарда токойдун 14%и жок кылынган). Сүт эмүүчүлөр м-н куштардын жарымына жакыны – Индонезиянын эндемиктери. Индонезиянын батыш бөлүгүнүн фаунасына орангутан (Калимантан, Суматра), гиббон, кындыгый маймыл, ява ж-а суматра кериги, индия пили, бантенг бодосу, тапир (Суматра), малайя аюусу (Калимантан, Суматра), суматра жолборсу ж. б. мүнөздүү. Орнитофаунага бай; сойлоочулардан крокодилдер (анын ичинде таракчан крокодилдердин узундугу 9 мге чейин жетет), чаар питон; Комодо аралында эң ири комодо эчки эмээри корголот. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнө баштыкчандар кускустар, даракчыл бөрсө мүнөздүү. Индонезияны чулгаган деңиздер биологиялык ресурстарга өтө бай: суу астындагы шалбаа, ихтиофауна; чыгышында – кораллдар, коралл рифи. Деңиздин ири айбанаттарынан – кашалот, дюгонь, дельфин, деңиз таш бакасы, акула ж-а көөкөрчөк кездешет; жыландар көп; балыкка бай.
Индонезиянын биологиялык көп түрдүү бөтөнчө экосистемасын коргоо максатында жалпы аянты 23,7 млн га коргоого алынган 956 аймак, ошондой эле аянты 13,5 млн га коргоого алынган 122 деңиз акваториясы уюшулган. Гунуне-Геде-Пангранго (Ява аралында), Гунунг-Лесер (Суматра), Лоре-Линду, Танжунг-Путинг (Сулавеси), Комодо, Сиберут (аты окшош аралдарда) улуттук парктары биосфералык резерват статусуна ээ. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Комодо, Ужунг-Кулон (Ява аралында), Лоренц улуттук парктары (Жаңы Гвинея аралында), ошондой эле Суматрадагы тропикалык жамгыр токою кирген. Дүйнөдөгү эң ири ботаникалык бактардын бири – Богор шаарында (Ява аралында) жайгашкан. Ява аралындагы «Жанар тоо парктары» дүйнөгө белгилүү; Калимантан аралында корук ж-а орангутандарды изилдөө борбору бар.
Калкы. Индонезия калкынын саны боюнча дүйнөдө 4- орунда (Кытай, Индия, АКШдан кийин). Калкынын 96%и индонезиялыктар, тили, маданияты ж-а турмуш-тиричилиги окшош 150дөн ашык эл ж-а этностук топ (явалыктар, сундан, мадура, батак, малайя, балиликтер ж. б.), ошондой эле кытай, араб, Түштүк Азиядан келгендер, голланддар да жашайт. Төрөлүү 1000 адамга 19,7 бала, өлүм-житим 6,25 (2007). Өлкөнүн калкынын 28,7%ин 15 жашка чейинки балдар, 65,6%ин эмгек курагындагылар (15–64 жаштагылар), 5,7%ин улгайгандар (65 ж-а андан өткөндөр) түзөт. Калктын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 70,2 (эркектер – 67,7; аялдар – 72,8). Көбү ислам динин (87%), калгандары христиан, индуизм, буддизм, конфуцийчилик, жергиликтүү диндерди тутат. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 120 адам (2007). Индонезиянын калкынын 60%и Ява, Мадура ж-а Бали аралдарында жашайт. Шаар калкы – 48,5% (2006). Ири шаарлары: Жакарта (18,3 млн), Бандунг (6,0 млн), Медан (4,1 млн), Сурабая (4 млн), Палембан (2,1 млн), Макасар (1,7 млн), Чиребон (1,6 млн), Жокьякарта (1,6 млн), Семаранг (1,5 млн), Бандар-Лампунг (1,4 млн) ж. б. Экономикалык активдүү калкы 106,3 млн; анын 44%и айыл чарбасында ж-а балык уулоодо, 38%и тейлөө чөйрөсүндө, 13%и өнөр жайында, 5%и курулушта иштейт.
Тарыхы. Индонезиянын аймагы – азыркы типтеги адам (питекантроп, явантроп, кийин вадьяк) пайда болгон борборлордун бири. Анда төмөнкү палеолиттин эстеликтери (патжитан индустриясы) табылган. Жогорку палеолитте ж-а мезолитте Индонезиянын басымдуу бөлүгүндө континенттик бакшон-хоабинь маданиятынын түштүк варианты тараган. Б. з-дын башталышында Ява, Суматра ж-а Калимантан аралдарында класстык коом түзүлө баштаган; ал болсо Индиядан эмигранттардын массалык киришине туура келип, алар м-н кошо брахманизм дини жайылган. Индонезияда пайда болгон алгачкы мамлекеттер: Ява аралында – Тарума ж-а Калинга; Чыгыш Калимантанда – Мулавармажа, Суматрада – Малойю, Шривижайя. Индонезия жеринде 6-кылымдан брахманизмден сырткары, индуизм ж-а буддизм диндери жайыла баштаган. 7-кылымдын аяк ченинде Суматранын чыгышын, Яванын батышын, Батыш Калимантанды, ошондой эле Малакканы камтыган Шривижайя мамлекети пайда болгон. Борбордук Явада 8-кылымда Матарам мамлекети түзүлгөн. Бул эки мамлекеттин ортосундагы бийлик үчүн тынымсыз күрөш алардын алсырашына ж-а кыйроосуна алып келген. 13-кылымдын аяк ченинде Яванын чыгышында Индонезия тарыхында маанилүү роль ойногон Мажапахит мамлекети пайда болгон. 11– 12-кылымдарда мусулман соодагерлери ж-а миссионерлери келе баштап, 300 жыл ичинде ислам дини аймакка тараган. 14-кылымда Мажапахит империясы гүлдөп өскөн. Бирок, бул мезгил узакка созулбастан, 15-кылымдын аяк ченинде өлкөнүн абалы начарлап, Ява, Суматра ж. б. аймактарда бир катар мусулман шаар-мамлекеттеринин пайда болушуна алып келген.
1509-жылы Индонезия жээктерине келе баштаган португалиялыктар соода жолдорун колго алууга аракеттенип, 1511-жылы Малакканы, 1512-жылы Молукка жарым аралын ээлеп алган. 1596-жылдан Индонезияга нидерланддар келе баштаган. 1602-жылы Нидерланддын Ост-Индия компаниясы негизделип, португалиялыктардын ж-а 17-кылымдын башында бул жерлерде бекемделүүгө аракеттенген англистердин ордуна алардын үстөмдүгү орногон. Аймак Нидерланддык Ост-Индия деп аталып, борбору Батавия шаары (азыркы Жакарта) болгон. 1800-жылы компаниянын жоюлушу м-н колония Нидерланддын карамагына өтөт. 1926–27-жылдарда Ява ж-а Суматра аралдарында көтөрүлүштөр чыгат. Сукарно ж-а интеллигенция өкүлдөрү тарабынан 1927-жылы Индонезия улуттук партиясы түзүлгөн. 1942–45-жылдарда Индонезияны япон аскерлери басып алган. 1945-жылы Япония капитуляцияланган соң, Индонезиянын көз каранды эместиги жарыяланып, Сукарно өлкөнүн президенти болуп калган. Голланддардын 1947-жылы кайрадан бийлигин калыбына келтирүү аракети ийгиликсиз аяктап, Нидерланд 1949-жылы Индонезиянын көз каранды эместигин таанууга аргасыз болот. 1950-жылы август айында Индонезия унитардык республика болуп жарыяланган. Өлкө ичиндеги оң ж-а сол күчтөрдүн тирешүүсү «1965- жыл 30-сентябрдагы окуяларга», башкача айтканда терең кризиске алып келген. Анын жүрүшүндө мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болуп, натыйжада партиянын мүчөлөрүн ж-а жактоочуларын куугунтуктоо башталган. 1967-жылы Сукарно бийликтен четтетилип, генерал Сухарто президенттин милдетин аткаруучу, 1968-жылдан президент болуп калат. Өлкөдө авторитардык режим орногон. Саясий кризистин натыйжасында, 1998-жылы Сухарто отставкага кетүүгө аргасыз болуп, президенттик кызматты мурдагы вице-президент Б. Ю. Хабиби ээлеп калат. 1999-жылы өлкөнүн президенти болуп, көрүнүктүү мусулман ишмери Вахид Абдрахман, вице-президенттикке Сукарнонун кызы – Сукарнопутри Мегавати шайланат (2001-жылдан президент). 2004-жылдан өлкөнү жалпы элдик добуш берүү м-н шайланган президент – Юдхойоно Сусило Бамбанг башкарат.
Чарбасы. Индонезия – көп тармактуу ж-а көп укладдуу чарбасы бар, өнүгүп жаткан ири өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү (сатып алуу мүмкүнчүлүгү боюнча 935 млрд доллар) боюнча дүйнөдөгү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ичинен (Кытай, Индия, Бразилия ж-а Мексикадан кийин) 5-орунду, Түш.-Чыгыш Азияда 1-орунду ээлейт. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 3800 доллардан туура келет. Көз карандысыздыкка жеткенден кийин колониялык калдыктарды жоюу, чет өлкөлүк капиталга күнкорлуктан арылуу багытындагы чаралар (голландиялык жеке менчик объектилерин мамлекеттештирүү, мамлекеттик секторду түзүү ж. у. с.) ишке ашырылган. Бирок мамлекеттештирилген же мамлекеттин көзөмөлүнө алынган ишканалар м-н плантациялар 1965-жылдан кийин мурдагы ээлерине кайтарылып берилип, Индонезиянын чет өлкөлүк (негизинен АКШ) капиталга болгон көз карандылыгы кайра артып, чарбанын өнүгүшүндө диспропорция күчөгөн. Ошондой болсо да Индонезиянын экономикасы 1997-жылга чейин бир кыйла өнүгүп, Индонезия агрардык-индустриялуу өлкөлөрдүн деңгээлине жакындаган. 1997-жылдын 2-жарымында Азия өлкөлөрүнүн көбү дуушарланган финансылык кризис Индонезияга өтө оор таасирин тийгизген. 1998-жылы ИДП 15–20%ке кыскарган; рупийдин курсу кескин (6 эсе) төмөндөп, инфляция процесси күчөгөн (100%ке чейин); Жакарта фонд биржасында баалуу кагаздын курсу кыйла төмөндөгөн; чакан ж-а орто ишканалар банкрот болгон; жакырчылык чегинен төмөн жашаган адамдардын саны 40%ке жеткен (ал 1997-жылдын башталышында 6% гана болгон); алтын-валюта запасы (1997-жыл-
дын аягында 18 млрд доллардан 1998-жылы мартта 16,3 млрд долларга чейин) азайган. Азыркы учурда көпкө созулган стагнацияны (узакка созулган экономикалык депрессия) жеңип, акырындык м-н негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү көтөрүлө баштады.
Индонезия запасы мол отун (нефть, табигый газ, суббитуминоз көмүрү) ж-а кенташ (жез-никель, калай, боксит, алтын ж. б.) сырьёлоруна бай болгондуктан, 21-кылымдын башында суюлтулган табигый газды, калай, көмүр, жез ж-а алтынды экспортко чыгаруу боюнча дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири болуп калды. Индонезия тропиктик айыл чарба продукциясын (накта каучук, какаонун мөмөсүн, кофе, пальма майын, копра ж. б.), ошондой эле текстиль буюмдарын тигүү, кийимди дүйнөлүк рынокко чыгаруу боюнча башкы өлкөлөрдүн бирине айланды. Өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизин сырьёлук ресурстарга байлыгы, жумушчу күчүнүн арзандыгы ж-а толук пайдаланылбаган ички рыногунун зор потенциалы түзөт. ИДПнин структурасынын 45%ин өнөр жай ж-а курулуш, 42%ин тейлөө чөйрөсү, 13%ин айыл чарбасы ж-а балыкчылык, 11%ин нефть-газ сектору (мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин 24%ин) түзөт (2005). Чарбанын стратегиялык маанилүү тармактарын (нефть ажыратуу өнөр жайы, электр-энергетика, күрүч сатуу ж. б.) негизин мамлекеттик сектордун ишканалары түзүп, улуттук жеке менчик капиталынын мааниси өсүүдө.
Өлкөнүн өнөр жайына ИДПнин көлөмүнүн 39%и туура келет. Өнөр жайынын негизги тармактары: кен байлык казып алуу (нефть ж-а табигый газ кошо), машина куруу ж-а металл иштетүү, нефть ж-а газ иштетүү, тамак-аш ж-а тамеки, жеңил (негизинен текстиль ж-а кийим тигүү), химия ж-а химия-фармацевтика, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза, түстүү металлургия. Отун-энергетикалык баланстын структурасында нефть ж-а нефть продуктуларга 37%, негизинен калк даярдаган ж-а тиричиликте пайдаланылуучу, калыбына келүүчү энергия ресурстарына (жыгач отун, биомасса ж. б.) 27%, табигый газга 19%, көмүргө 13%, ж. б. калыбына келүүчү энергия булактарына (гидроэнергия, геотермия энергиясы ж. б.) 4% туура келет. 2005-жылы 55 млн т нефть (дүйнөлүк нефтинин 1,4%и; Калимантан, Суматра, Ява ж. б. аралдарда казылып алы-
нат), 77 млрд м3 табигый газ (2,7%и; Чыгыш Калимантан, Ачех, Чыгыш ж-а Батыш Ява провинцияларында), 135 млн т көмүр (2,8%и; дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда; Суматрада, Чыгыш ж-а Түштүк Калимантан провинцияларында ачык жол м-н) казылып алынган. 123 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлүп, анын 86%и ЖЭСке, 8%и ГЭСке, 6%и геотермия электр станцияларына таандык. Кара металлургия өнөр жайы ички рыноктун муктаждыгын канааттандырууга багытталган. Темир, марганец, хромит ж. б. кенташтарды казып алып, чоюн, болот ж. б. өндүрөт. Түстүү металлургия экономиканын маанилүү экспорттук тармагы болуп саналат; анын продукциясынын негизги бөлүгү Сингапур, Япония, АКШ ж-а Кытайга чыгарылат. Калай (казып алуу боюнча Кытайдан кийинки 2-орунда), боксит, жез, алтын, күмүш, никель (дүйнөдө 4-орунда), коргошун-цинк ж. б. кенташтар казылып алынат. Машина куруу өнөр жайынын продукциясынын 1/2 инен ашыгы транс-
порттук машина курууга туура келет; анда автомобиль, кеме, ошондой эле велосипед, мотоцикл ж-а моторикша чыгарылат. Прибор куруу, электроника, темир жол машиналарын куруу, авиация, аскердик машина куруу өнөр жайы да өнүккөн. Химия өнөр жайында азот ж-а фосфор жер семирткичтери, накта каучук, химиялык була, синтездик чайыр, пластмасса, бензол, этилен, полиэтилен, полипропилен, метанол, кир кетирүүчү каражаттар, автомобиль шинасы, резина-техникалык буюмдар даярдалат. Индонезия – кебез кездеме чыгаруу ж-а андан кийим тигүү боюнча дүйнөдө Кытай, Индиядан кийинки 3-орунда турат. Чакан кол өнөрчүлүк ишканаларында белек буюм жасоо маанилүү (батик, күмүшкө чегүү, оймо-чийме түшүрүү, карапа буюм, жыгачтан ж-а таштан жонуп буюм жасоо). Токой, жыгач иштетүү ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жайы да алдыңкы орунда. Индонезия – материалдарды ж-а тропик дарактарынан (казуарина, камфора, эбен, тик дарактары, сейба ж. б.) тилинген тактай ж-а фанера экспорттоочу дүйнөдөгү ири мамлекет. Тамак-аш өнөр жайынын маанилүү тармактары – пальма ма
йын (дүйнөдө Малайзиядан кийинки 2-орунда), консерваланган мөмө-жемиш ж-а кант чыгаруу. Тамеки м-н чеге гүлдүн уругун аралаштырып жасаган «кретек» сигаретин чыгаруу салтка айланган. Курулуш материалдары өнөр жайынын маанилүү тармагы – цемент өндүрүшү; ошондой эле гранит, мрамор, акташ теги, гипс, доломит, табигый битум, айрым жерлеринен асыл таштар, алмаз (30 миң кар) казып алынат.
Айыл чарбасында эмгекке жарамдуу калктын 45%ке жакыны иштейт. Анын ИДПдеги үлүшү 11% (2004). Айыл чарбасында ири жеке ж-а мамлекеттик плантация чарбалары м-н катар чакан дыйкан чарбалары да басымдуу. «Жашыл революциянын» натыйжасында, 1980-жылдардын ортосунан Индонезия азык-түлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кылат. 21-кылымдан баштап тропиктик дыйканчылык продукцияларын экспорттоочу дүйнөдөгү ири өлкөгө айланды. Жылына 2 жолу түшүм алынат. Дыйкандардын 1/3 инен ашыгы жерди ижарага алат. 30,7 млн га жер айдалып, анын 7,7 млн гасы сугарылат. Негизги азык-түлүк өсүмдүктөрү: шалы (8 млн гадан ашык жерге эгилет; бүткүл сугат жеринин 4/5 үн ээлейт; 2005-жылы 54,0 млн т акталбаган күрүч жыйналган, бул боюнча дүйнөдө Кытай, Индиядан кийинки 3-орунда), жүгөрү (12 млн т), маниок же кассава (19,5 млн т, Нигерия, Бразилиядан кийинки 3-орунда), батат, жер жаңгак, соя, ямс ж. б. Экспорттолуучу негизги өсүмдүк продукциялары: накта каучук (дүйнөдө Таиланддан кийинки 2-орунда), кокос пальмасы (бардык жеринде, көбүнчө дыйкан чарбаларында; дүйнөдө 2-орунда), май пальмасы (негизинен Түндүк Суматранын плантацияларында), чай, кофе (Ява, Суматра), тамеки, какао, калемпир, сейба (капок), агава (сизаль), мускат жаңгагы, чеге гүл, хина дарагынын кабыгы (дүйнөдө даярдалган хина кабы-
гынын негизги бөлүгүн Индонезия берет), пахта ж-а балкамыш. 2005-жылы 11 500 миң бодо мал (уй), 2428 миң буйвол (негизинен унаа катары пайдаланылат), 405,5 миң жылкы, 13 182 миң эчки, 8307 миң кой, 6267 миң чочко, 1300 млн үй кушу болгон. Балык, ошондой эле краб, креветка, крокодил кармалат, бермет алынат.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын маанилүү сектору. Анда дүң ж-а чекене соода, финансылык тейлөө ж-а камсыздандыруу, мамлекеттик башкарууну тейлөө, жеке кызмат көрсөтүүлөр ж-а транспорттук тейлөө, мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу, байланыш, электр энергетикасы, суу ж-а газ м-н жалпы камсыз кылуу өзгөчөлөнөт. Банк-кредит системасына Индонезия банкы, мамлекеттик ж-а жеке менчик 170 банк кирет. Жакарта фонд биржасы (1977-жылдан иштейт) соода жүргүзүү боюнча Түштүк-Чыгыш Азияда Сингапурдан кийинки 2-орунду ээлейт. 2005-жылы Индонезияга 5,5 млндон ашык турист келген; туризмдин негизги түрлөрү: дарылоо-ден соолук чыңдоо (аралдардагы кумдуу пляждар), спорт көңүл ачуу (дайвинг, виндсёрфинг), экология, тарыхый-маданий эстеликтер, элдердин жашоосу, кол өнөрү фольклору м-н таанышуу. Башкы туристтик району – Бали аралы; туризмдин маанилүү борборлору – Ява аралынын шаарлары: Жакарта, Богор, Жокьякарта, Суракарта, Бандунг, Пангандаран.
Транспортунун негизги түрү – деңиз жолу.
Жалпы деңиз портторунун жүк айлануусу 524,0 млн т (2005). Деңиз портторунун ж-а гавандардын жалпы саны 3650. Ири универсал порттору: Танжунг-Приок (Джакартада), Танжунг-Перак (Сурабаяда), Палембанг (Түштүк Суматра про-
винциясында), Белаван (Медандын аванпорту), Банжармасин (Түш. Калимантан), Макасар (Түш. Сулавеси), Батам (Кепулауан-Риау), Телукбаюр (Батыш Суматра) ж. б. 824 деңиз соода кемеси бар. Темир жолунун жалпы узундугу 6,5 миң км, автомобиль жолунуку 362 миң км. Магистралдык куур өткөргүчтөрүнүн жалпы узундугу 19 394 км, анын 9175 кми газ куурунуку, 7684 кми нефть куурунуку, 1367 кми нефть продукция өткөргүчүнүкү ж. б. (2006). Маанилүү газ куурлары: Арун–Думай (Суматра аралы), Бонтанг–Баликпапан (Калимантан аралы); Трансява нефть кууру иштейт. Индонезияда 662 аэропорт бар (2006); эл аралык ири аэропорттору: Сукарно-Хатта (Жакарта), Нгурах-Рай (Денпасар, Бали аралында), Полония (Медан), Жуанда (Сурабая), Адисучинто (Жокьякарта), Ханг-Надим (Батам аралы). Хасануддин (Макасар). Өлкөнүн экономикасында чет өлкөлүк капитал салымынын мааниси зор. 2004-жылы сырткы сооданын өлчөмү 93 млрд доллардан ашкан, анын 64 млрд долларын экспорт, 32 млрд долларын импорт түзгөн. Индонезиянын сырткы карызы 2005-жылы 134,9 млрд доллар (дүйнөдө Бразилия, Мексикадан кийинки 3-орунда); анын 77 млрды мамлекеттик, калганы жеке менчик секторуна таандык. Экспортко табигый газ, нефть, электроника өнөр жайынын продукцияларын, жыгач, тактай ж-а кагаз, текстиль ж-а тигүү өнөр жайынын продукцияларын, пальма майын, көмүр, жез ж-а жез концентраттарын, накта каучук, балык ж-а деңиз продукцияларын, никель, калай ж. б. чыгарат. Сырттан нефть ж-а нефть продуктуларын, автомобиль транспорт каражаттарын, станок ж-а өнөр жай жабдууларын, болот прокат ж-а трубаларды, органикалык химия продукцияларын алат. Негизги соода шериктери: Япония, АСЕНга кирген мамлекеттер, Европа союзуна кирген өлкөлөр, АКШ, Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Таиланд, Сауд Арабиясы, Австралия.
Маданияты. 1940-жылдары Индонезиянын жергиликтүү калкынын 6%ы гана сабаттуу болгон. 1950-жылы жалпы билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган соң, мамлекет тарабынан мектептерге ири инвестициялар берилген. Натыйжада, 7–12 жаштагы балдардын 95%, 13–15 жаштагылардын 77% жана 16–18 жаштагы өспүрүмдөрдүн 48%ы билим алууда (1997). Калктын 10%ы гана сабатсыз. Билим алуу негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Ири жогорку, орто окуу жайлары: Индонезия, Тербука, Гажа-Мада, Пажажаран университеттери, Бандунг, технология институттары жана башкалар бар. Булардын ичинен, айрыкча Жакартадагы Индонезия илимий изилдөө иштери ар кыл тармактагы көптөгөн илимий изилдөө мекемелеринде жүргүзүлөт. Улуттук жана башка китепканалар, Улуттук тарых (1778), ваянга (куурчак) жана башка музейлер. Индонезияда 597 гезит-журнал чыгат (2007). Борбордук негизги гезиттери: Индонезия тилиндегилери – «Компас», «Суара пембаруан», «Суара карья»,«Брита буана», «Мердека»; англис тилиндегиси – «Жакарта пост». «Антара» улуттук маалымат агенттиги, көптөгөн мамлекеттик жана жеке менчик радио жана телекөрсөтүү станциялары иштейт.
Индонезиянын алгачкы жазма эстеликтери (байыркы малай жана ява тилдеринде) VII–VIII кылымдардын акырына таандык. VIII–XIII кылымдарда ява, XVI–XVIII кылымдарда сундан, мадур жана аче адабияты өнүгүп, XX кылымдын 2-жарымынан Индонезия адабиятына кошулуп, анын калыптанышына өбөлгө түзгөн. М. Картодикромо (1878–1928), М. Русли (1889–1968), А. Муис (1886–1959) нидерланд реалисттеринин таасиринде жазса, А. Хамзах (1911–1946), Р. Эффенди, М. Ямин (1903–1963) патриоттук лирикалары менен белгилүү. 1945-жылы Индонезиянын боштондукка чыгышы акын Х. Анвар (1922–1949), Р. Апин, Идрус, В. С. Рендра, М. Боэзи сыяктуу акын-жазуучулардын чыгармачылыгынын артышына зор түрткү болгон. 1908-жылы негизделген «Балэй Пустака» («Адабият үйү») бүгүнкү күнгө чейин ишмердүүлүгүн улантууда. 1933-жылы суматралык үч жаш жазуучу – Сутан Такдир Алишахбан, Армайн Пане жана Амир Хамзах өлкөнүн рухий дүйнөсүн чагылдырган көркөм-адабий жана коомдук-саясий «Пуджанга бару» («Жаңы жазуучу») аттуу журнал ачып, анда жаш индонезиялыктардын эркиндикке жана прогресске умтулушуна тоскоол болгон көйгөйлүү маселелер чагылдырылган чыгармалар жарыяланып турган. XX кылымдын 2-жарымында адабиятта акындар Хайрил Анвар, Ситуморанга, прозачылар Идрус, Тур Прамудья Ананта, Мохтар Лубис жана башкалар, «66-жылдын муундары» тобунун өкүлдөрү (Саматупанг Иван жана башкалар) эмгектенишкен.
Индонезиянын пластикалык өнөрү алгачкы коомдук түзүлүш доорунда пайда болгон. VII–VIII кылымдардагы диний курулмалардын калдыктары, Ява аралында XVIII–XIX кылымдардагы индус жана будда храмдары (чанди),
төмөнкү бөлүгү тепкичтүү Диенг бөксө тоосундагы чанди, Каласан чандиси, архитектуралык комплекстер, Сева чандиси менен Жонгранг чандиси, залкар жана татаал композициялуу будда храмы Боробудур курулган. XIII–XV кылымдарда Ява менен Бали аралыннда индус храмдары курулуп, алар укмуштай көркөм оймолор менен кооздолгон. XV–XVI кылымдарда мусулман архитектурасы өнүккөн. Эң алгачкы көп ярустуу мечит (1477–1479) Борбордук Явадагы Демак шаарында. Индуизм салттары Индонезиянын Бали аралындагы храм комплекстеринде сакталган. Индонезиянын көптөгөн аралдарында көркөм кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү өнүккөн: колодон куюу (кудайлардын чакан бедиздери), токуучулук (батик, набойка), бамбуктан жана кокос пальмасынын жалбырактарынан эшүү (желпүүр, бойро) жана башкалар. Турак жай түрдүү типте (кепе, жыгач менен бамбуктан жасалган каркас үйлөр) салынган. XVIII–XX кылымдарда шаар курулушунда европалык салттуулуктун таасири байкалат.
Сүрөт тартуунун Европалык үлгүсүн үйрөнгөн биринчи индонезиялык сүрөтчү Реден Салех болгон. XX кылымдын башында пейзажга, натюрмортко, портретке көңүл бөлүнгөн. 2-жарымында жанрдык жана тарыхый сүрөттөрдү тартышкан. С. Сужайоно, А. Жая, К. Аффанди, М. Апин, П. Искандер жана башка сүрөтчүлөр кубизм стилинде иштешкен.
Индонезиянын музыкалык өнөрүнө эзелтен элет калкынын турмуш-тиричилигиндеги оозеки музыканын негизинде калыптанган көп үндүүлүк жана гетерофония мүнөздүү. Индонезия классикалык музыкасынын сереси – Индонезия салттык аткаруунун тиби жана оркестр гамелан (көбүнчө урма аспаптардан турат). Индонезия азаттыкка чыккан соң (1945) улуттук маданияттын өнүгүшүнө жаңы өбөлгөлөр пайда болуп, Сужасмина, А. Пасарибу жана башка композиторлордун чыгармалары элге таанымал боло баштаган. 1952-жылдан Жокьяркартада мамлекеттик музыкалык мектеп, 1960-жылы Суракартада консерватория кийин (жогорку музыкалык мектеп) уюштурулуп, 1968-жылы Жакартада симфониялык оркестр түзүлгөн. Индонезиянын театр өнөрүнүнүн башаты элдик майрамдардан жана диний үрп-адаттардан башталат. Театрлашкан оюндардын байыртан уланган ар кыл түрлөрү бар. Эң кеңири таралганы пантомима жана бий каражаттарын пайдаланган бет кеп театры ваянг-топенг (ваянг – театр, топенг – бет кеп) жана актёр театры ваянг-оранга. Булардын драматургиялык негизи байыркы инди эпосу «Рамаяна», «Махабхарата», ошондой эле индонезиялык жомоктордон жана хроникалардан алынган. Спектаклдер гамелан оркестри менен коштолот. XIX–XX кылымдардын чегинде бий-драма театрлары – лудрук, кетопрак пайда болгон, белгилүүлөрү: «Мархаэн», «Триснокантен». 1950-жылдарда европалык үлгүдөгү спектаклдерди койгон алгачкы труппалар пайда болгон. XX кылымдын аягында улуттук жана европалык салттарды бириктирүү багыты күч алган.
Индонезиядагы алгачкы тасмаларды XX кылымдын ортосунда голливуд режиссёрлор тарткан. «Парех» (1935, режиссёр М. Франкен), «Ачык ай» (1937, режиссёру И. Балинк) тасмаларында элдин жашоосу чагылдырылып, индонезиялык актёрлор Р. Мохтар, Р. Картоло, Рукиях тартылган. Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин улуттук кинематография калыптанган.1950-жылы Жакартада көркөм жана даректүү тасмаларды чыгаруучу «Перусахан фильм Негара» мамлекеттик кинофирмасы түзүлөт. 1950-жылдарда социалдык тематикадагы тасмалар «Туранг» (1954, режиссёру Б. Сиагин), «Коменданттык сааттан кийин» (1955, режиссёру А. Сани), 1970-жылдары «Издегениң эмне, Палупа?» (режиссёру А. Сани) жана башкалар. XX кылымдын аягында 1980-жылдардын башында айылдык бала жөнүндө «Си Уньил» (режиссёру К. Сухардиман) куурчак тасмасынын сериясы чыккан. «Жаз келгенде» (1987, режиссёру Б. Сэнди), «Си Кабаян» (1989, режиссёру М. Фирмансиаха), «Акыйкаттыкты талап кылабыз» (2002, режиссёру С. Рахарджо), «Аял» (2001, режиссёру Н. Дината) жана башка кино тасмалары тартылган. Көрүнүктүү киноактёрлор: Ч. Деви, Р. Мелати, Ф. Аферо, Ф. Аррияни, М. Каршила, Б. Херманто.
Ад.: Антипов В. И. Индонезия. М., 1961; Антипов В. И. Индонезия. Экономико-географические районы. М., 1967; Страны и народы. Зарубежная Азия.
Юго-Восточная Азия. М., 1979; Индонезия. Справочник. М., 1983; Кашмадзе И. Индонезия: Острова и люди. М., 1987; Чукина Н. П. Искусство Индонезии. М., 1991; Цыганов В. А. История Индонезии. М., 1993; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Тюрин В. А. История Индонезии. М., 2004; Иванова И. С. Социально-экономическая география Зарубежной Азии. Юго- Восточная Азия. М., 2005; Пахомова Л. Ф. Модели процветания (Сингапур, Малайзия, Таиланд, Индонезия). М., 2007; Индонезия // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.
Ы. Токторова, Ө. Бараталиев, А. Кубатова.