ИНДИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́НДИЙ (лат. Indium), In – элементтердин мез­гилдик системасынын III тобундагы химиялык эле­мент, катар номери 49, атмосфералык массасы 114,82. Табиятта 2 изо­тобу кездешет: 113In ж-а 115In. 1863-жылы немис илимпоздору Ф. Райх ж-а Т. Рихтер ачышкан. Чачыранды элементтерге кирет. Жер кырты­шында таралышы 1,4 10–5% түзөт. Негизги минералдары: CuInS – рокезит, FeIn2S4 – ин­дит, In(OH)3 – жалиндит ж. б. И. – күмүштөй ак түстөгү, өтө жалтырак, жумшак металл, ты­гыздыгы 7,31 г/см3, б. эрүү t 156,78°С, кайноо t 2024°С. Бирикмелеринде +1, +2, +3 окистенүү даражасын көрсөтөт. Бөлмө темппературасында аба­да туруктуу, HCl, H2SO4, HF, CH3COOH ж-а H2C2O4 кислоталары м-н жай, ал эми HNO3 м-н тез аракеттенет. Жегичтер м-н аракеттенишпейт. Кадимки температурада же бир аз жылытканда хлор, бром м-н, ысытканда йод, кычкылтек м-н реакцияга кирет. Суутек ж-а азот м-н реакция­га кирбейт. Индий табиятта түстүү металлдардын кен таштарынан (рудаларынан), таза индий анын хлорид, сульфат туздарын же гидроксидинин суудагы эритмелерин электролиздөөдөн алынат: 2InCl3=2In+3Cl2. Анын спектринин индиго боёгундай көк түстө болгондугуна байланыштуу «индий» деп аталган. Күзгү, зергер буюмдарын жа­соодо, рефлекторлордо, прожекторлордо, элек­троника өнөр жайында, коррозияга туруктуу мате­риал ж-а прибор чыгарууда колдонулат.