ИМИДЖ
И́МИДЖ , с а я с и й и м и д ж – субъекттин өзү ж-а ал ж-дөгү массалык маалымат каражаттарында калыптанган сүрөттөмөлөрдөн улам пайда болгон образ, саясий мүнөздөмө. Саясий имидж – лидердин саясий аң-сезиминин ж-а жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрү, ал жөнүндөгү элдердин ой-мүдөөсү, элестетүүсү. Ыңгайлуу же ыңгайсыз абалдын, шарттын таасири м-н саясатчынын артыкчылыктары ж-а кемчиликтери жөнүндө коомдук аң-сезимде белгилүү бир образ пайда болуп ж-а калыптанып, аны коомчулуктун пикирине ылайык иш жүргүзүүгө мажбурлайт. Тигил же бул саясатчынын имиджин аныктоодо маалымат каражаттарынын ролу чоң. Элдин көпчүлүк бөлүгү өзүнүн саясий симпатиясын билдирүүдө көбүн эсе колдо болгон маалыматтарга таянууга мажбур болушат. Ошондон улам өнүккөн өлкөлөрдө саясатчылардын имиджин аныктоодо одоно каталарды кетирбөө үчүн саясий маркетинг теорияларын ж-а методдорун колдонушат. Лидердин жекече иш стили, идеологиялык көз карашы ж-а программасы бирине-бири төп келсе, анда бул саясий имидж пландоонун ачкычы болуп эсептелет. Эгерде имидж саясий рыноктун талаптарына дал келсе, анда саясатчыга ийгилик алып келет. Ушул максатта саясатчынын артыкчылыгын баса белгилөөчү ж-а анын начар жактарын жаап-жашырып туруучу маалымат үчүн атайын программалар иштелип чыгат. Маркетинг буга өбөлгө түзөт: конкреттүү кырдаалда саясатчы өзүнүн жеке сапаттарына жараша, электораттын талаптарына ылайык, атаандаштарынын абалына карата кандай көз караштарда туруу керектиги аныкталат. Демократиялык институттардын өнүгүшү, шайлоо алдындагы мезгилде саясий атаандаштардын көбөйүшү саясатчынын имиджине карата болгон талаптардын курчушуна алып келет. Шайлоодогу ийгилик, саясий карьера көбүн эсе саясий имидждин өзүнө тартуучулук күчүнө, аныктыгына, иш-аракеттеринин иреттүүлүгүнө жараша болот. Ошондо гана электорат аны башка атаандаштардан айрып-таануу, ага саясий симпатия көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.