ИМАРАТ КОЗУ КАРЫНДАР
ИМАРАТ КОЗУ КАРЫНДАР – афиллофорлор тукумундагы базидиялуу козу карындар. Органикалык заттар м-н азыктанат. Имарат козу карындар жыгачты мицелий ж-а базидиоспоралары м-н жабыркатат. Базидиоспоралар аба аркылуу тез ж-а жеңил тарайт да, бир нече жыл өсүү жөндөмдүүлүгүн жоготпойт. Имарат козу карындардын спораларынын өнүгүүсү, мицелийинин өсүүсү ыңгайлуу температурада ж-а нымдуулукта гана өтөт. Түндүк жарым шарда 8 уруунун 50 түрү белгилүү. Кадимки үй козу карыны кеңири тараган. Ийне жалбырактуу токойдо өскөн дарактардын сөңгөгүн, дүмүрүн, курулуш жыгач материалдарын, устун жыгачтарды, тактайларды тез чиритип жиберет. Өтө жугуштуу, ал тараган жыгач, тактай жарым же бир жылда бүт чирийт. Аларды өрттөп жок кылуу зарыл. Инфекциянын пайда болушу ж-а анын андан ары өнүгүүсү, курулуш эрежелери бузулганда болот. Көбүнчө курулушка жакшы кургатылбаган, антисептик м-н иштетилбеген, кабыгынан тазаланбаган жыгач материалдарын колдонгондо имарат козу карындар өсөт.
Т. Дөөлөткелдиева.