ИЛИМ ЛОГИКАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЛИМ ЛОГИКАСЫ – илимдин атайын тармагы; илим-билимдердин теориялык системасын талдоо үчүн азыркы логика түшүнүктөрүн ж-а техникалык аппаратын колдонуучу илим, ошондой эле илимдин өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн, илимий изилдөөнүн эрежелерин, эксперименттик методдорун, ар кандай ачылыштарын изилдейт. Илим логикасы өзгөчө илим катары 20-кылымдын биринчи жарымында Г. Фреге, Б. Рассел ж-а Л. Витгенштейдин таасири м-н калыптанган.