ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС (ИТП)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС (ИТП ) – илим м-н техниканын өз ара тыгыз байланыш­та, бирдиктүү ж-а жаңы багытта ырааттуу өнү­гүшү; коомдук, социалдык жаңылануунун не­гизи. ИТПнин тамыры 16–18-кылымдарда мануфактура өндүрүшү, соода муктаждыгы, деңизде сүзүү практикалык маселелерди теориялык ж-а экспери­менттик чечүүнү талап кылган мезгилде башта­лып, 18-кылымдын аягында машина өндүрүшүнүн өнүгүшү м-н байланышып, илимий-техникалык революция м-н аныкталган. Илимий ачылыштар артынан бүтүндөй жаңы өндүрүш тармактары келип чыгат: радио­электроника, атомдук энергетика, синтетика­лык материалдар химиясы, ЭЭМ өндүрүшү ж. б. Өз кезинде техника илимдин прогрессине түрткү, дем берет, аны так ж-а татаал эксперименттик жабдыктар м-н камсыз кылып, жаңы талап­тарды коюу м-н алга сүрөйт. ИТР өндүрүштү гана эмес, коомдун жашоо ишмердигинин көп жак­тарын (айыл чарба, транспорт, байланыш, медицина, билим берүү, турмуш-тиричилик сферасы ж. б.) да камтыйт. Илим ж-а техника бирдигинин айкын көрүнүшү – адамзаттын космоско чыгуу­су. ИТП коомдук өнүгүүнүн андан ары транс­формацияланышын, башкача айтканда маалымат м-н билимге негизделген коомдук жаңы тартипти шарт­тоодо, к. Маалымат коому.