ИЙРИ СЫЗЫКТУУ КООРДИНАТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЙРИ СЫЗЫКТУУ КООРДИНАТАЛАР , Г а у с с к о о р д и н а т а л а р ы – мейкиндик­теги (же тегиздиктеги) координата сызыктары (u, v) ийри сызыктары болгон координата­лар. Ийри сызыктуу координаталарды биринчи жолу голландиялык математик Я. Бернулли (1691) пайдаланган, бир жылдан кийин немис окумуштуусу Г. Лейбниц коорди­ната деп атаган. Мейкиндиктеги ийри сызыктуу координаталарды ж-а алардын аталышын франциялык математик Г. Ламе (1833) киргизген. Ийри сызыктуу координаталар системасы – тик бурч­туу координаталар системасынын жалпы түрү. Бетке ийри сызыктуу координаталарды киргизүү дифференциал гео­метриясынын методдорунун жардамы м-н бет­тин геометриялык касиеттерин изилдөөгө мүмкүндүк тү­зөт, интегралдарды эсептөөнү жеңилдетет. Эгерде координата сызыктары D облусунун ар бир че­китинде өз ара перпендикулярдуу болсо, анда ийри сызыктуу координаталар ортогоналдуу деп аталат. Ортогоналдуу­луктун зарыл ж-а жеткиликтүү шарты: (ek, e ) = 0, мында k ≠ m. Мейкиндикте бисфералы , бицилиндрдик ж-а тордук координаталар, ко­нустук, параболалык, сфералык, цилиндрлик, эллипстик координаталар ортогоналдуу ийри сызыктуу координаталар болот, к. Координаталар.