ИЗОТЕРМА ПРОЦЕССИ
ИЗОТЕ́РМА ПРОЦЕССИ – физикалык системада туруктуу температура шартында өтүүчү процесс, термодинамикалык абал диаграммасында изотерма сызыгы м-н сүрөттөлөт. Изотерма процесси системаны жылуулук өткөрүмдүүлүгү чоң термостатка жайгаштырганда жүрөт. Жылуулук алмашуу тез жүргөндүктөн, системанын температурасы термостаттыкынан айырмаланбайт. Изотерма процессине турактуу басымда кристаллдык катуу нерсенин эрүүсү ж-а суюктуктун кайноосу кирет. Берилген массадагы идеалдуу газда өтүүчү изотерма процесси Бойль–Мариотт законуна баш иет. Изотерма процессинде системага белгилүү санда жылуулук берилет (же жылуулукту өзүнөн берет), ал тышкы жумушту аткарат. Изотерма процессинде идеалдуу газдын аткарган жумушу NkTln(V2/V1)ге барабар, мында N – газ бөлүкчөсүнүн саны, Т – абсолюттук температура, V1 ж-а V2– процесстин башталышы ж-а акырындагы газдын көлөмдөрү, k – Больцман туруктуулугу. Катуу нерсе ж-а көпчүлүк суюктуктан, фазалык өтүү болбосо, изотерма процессиде көлөм өтө аз өзгөрөт.