ИЗОПРЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОПРЕ́Н , 2 - м е т и л б у т а д и е н – 1, 3- алифаттык катардагы чексиз углеводород. Түссүз суюктук, молекулалык салмагы 68,11; кайноо t 34°С; аба м-н аралашмасы 1,66–11,50% болгондо жары­лат. Суу, ацетон, метил, этил спирттери, ди­этилэфирлери м-н азеотроптук аралашманы бе­рет. Олефиндер сыяктуу гидрлөө, галогендөө, гидрогалогендөө реакцияларына кирет. Щелоч­туу металлдар м-н металлорганикалык бирикмелерди, стирол, бутадиен, акрилонитрил, пропен м-н сополимерди оңой пайда кылат. Өнөр жайда изобутилендин формальдегид м-н реакциясынан, нефть продуктуларынан, изопентан же изоами­ленди дегидрлөөдөн алынат. Изопрен бутил ж-а изо­перен каучугун синтездөөдө, жыпар жыттуу ж-а дары заттарын ж. б. өндүрүүдө колдонулат.