ИЗОЛОГИЯЛЫК КАТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИЗОЛОГИЯЛЫК КАТАР – функциялык топтору ж-а көмүртек скелети бирдей, бирок каныкпагандык даражасы м-н айырмаланган углеводороддун ж-а алардан алынган заттардын тобу. Ар бир изологиялык катарда каныкпаган байланыштар көбөйөт. Изологдордун аралыгында туруктуу сандык айырмасы 2Н болот. Углеводороддордун жөнөкөй изологиялык катары – этан С2Н6, этилен С2Н4 ж-а ацетилен С2Н2. Бул катардын функциялык туундулары, мисалы, пропан СН3 – СН2 – СООН, акрил СН2 = СНСООН кислоталары.