ИЗИЛДӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗИЛДӨӨ – 1) бир нерсени терең үйрөнүү, билүү, түшүндүрүү, аныктоо; 2) илимий изилдөө жаңы билим­дерди иштеп чыгуу процесси, таанып-билүү иш­мердигинин бир түрү. Объективдүүлүгү, да­лилдүүлүгү, тактыгы м-н мүнөздөлөт ж-а эм­пирикалык, теориялык деп аталган эки деңгээлге ээ. Изилдөөнүн фундаменталдуу ж-а колдонмо (приклад­дык), сандык ж-а сапаттык, уникалдуу ж-а ком­плекстүү бөлүнүшү кеңири жайылтылган; 3) илимий эмгек.