ИЕРАРХИЯ БАЗАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЕРА́РХИЯ БАЗАСЫ – бир ысымдуу генеалогиялык дарак же таблица түрүндө уюштурулган жогор­ку деңгээлдеги берилиш базасы. Берилиштер иерархиясы бит, байт, талаа, жазылыш ж-а бе­рилиштер базасы түрүндө уюштурулат. Генеалогиялык дарак сыяктуу иерархиялык базасы бутактарга ажырайт, ал энелик ж-а балалык жазылыштар болуп бөлү­нөт. Иерархиялык базасынын башындагы энелик жазылыш түпкү жазылыш деп айтылат. Өзүнчө процессте түзүл­гөн берилиштер базасында энелик-балалык бай­ланыштар орнотулат. Иерархиялык базасынын артыкчылыгы – берилиштер байланышы алдын ала аныкталган­дыктан, берилишке жетүү жеңил аткарылат.