ИДИНОВ Айып
ИДИНОВ Айып (03. 05. 1927, СССР, Кыргыз АССРи, Нарын кантону, Жумгал болуштугу, Жаңы-Арык айылы – 18. 10. 1997, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары) – тарых илимдеринин доктору (1998), профессор (1981), КРдин элге билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1993). Кыргызстан КП БКга караштуу партиялык мектепти (1950), Кыргыз Мамлекеттик университетин (1958) бүтүргөн. 1943- жылдан Жаңы-Арык айыл советинин секретары, комсомолдун Жумгал райкомунун 2-,1-секретары, Тянь-Шань обкомунун секретары, 1962- жылдан КМУда улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, парткомдун секретары болуп иштеген. Кыргызстандын партиялык уюмдарында коммунисттердин авангарддык ролун жогорулатууга арналган 130 илимий эмгектин (анын ичинде 6 монография) автору. СССР билим берүүсүнүн жана Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги (1965). Медалдар менен сыйланган. Жумгал районунун Кызарт айылындагы мектепке ысмы берилген.
Эмг.: Коммунистическая партия Киргизии в борьбе за дальнейшее организационно-хозяйственное укрепление колхозов (1953–1958 г). Фр., 1961; Партийная работа в условиях агропромышленных объединений.- Фрунзе: Кыргызстан, 1985