ИДЕАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИДЕАЛИ́ЗМматериализмдин каршысы, ал аң-сезимди, кыял-ойду дүйнөнүн негизги баша­ты, баары идеядан башталат деп эсептеген фи­лософиялык багыт, окуу. 1702-жылы Лейбниц Эпикурду – ири материалист, Платонду – ири идеалист ка­тары мүнөздөгөндө колдонгон. Ошондон бери ма­териализм м-н идеализм карама-каршы коюлуп келет. Бул марксизм-ленинизм алкагында бир беткей, олдоксон мүнөзгө өткөн. Мындай жиктөө ыгы­-жөнү м-н жүргүзүлсө, айрым философиялык талаш ма­селелерди туура түшүнүүгө жол ачат. Идеализмдин бел­гилүү өкүлдөрү Декарт, Кант, Гегель, Беркли ж. б.


Ж. Бөкөшов.