ИГРАЖАРТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИГРАЖАРТ , И р г а ж а р т – тарыхый топоним; Борбордук Теңир-Тоонун 10-кылымдагы аты. "Китаб Худуд ал-Алам мин ал-Машрик илал-Магриб"(«Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп») деген фарсы тилиндеги тарыхый-географиялык эмгекте (982–983-жылдарда белгисиз автор жазган) Игражарт тоолору йагмалардын өлкөсүндө жайгашып, андан Иле дарыясы башталары, ал тоолордо жайы-кышы кар кетпей, бугу ж. б. айбанаттардын көптүгү, бугунун мүйүзү ушул аймактан туш тарапка тараганы жөнүндө жазылган.