ИВАН IV ВАСИЛЬЕВИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВА́Н IV ВАСИ́ЛЬЕВИЧ , Г р о з н ы й (25. 8. 1530, Коломенский кыш. – 18. 3. 1584, Моск­ва) – 1533-жылдан улуу князь, 1547-жылдан би­ринчи орус падышасы. Василий III Иванович­тин уулу . Мамлекеттик ишмердиги Тандал­ган рада түзүлгөн­дөн (1549) баштал­ган.

Иван IVнүн өкмө­тү жеке бийликти бекемдеп, мамле­кеттин борбордо­шуусун күчөтүүгө умтулган. 1549– 60-жылдарда жергиликтүү ж-а борбордук башкарууда, укук, аскер иште­ринде реформа жүр­гүзгөн. 1547–52-ж­ылдардагы жортуулда­рында Казан хандыгын, 1556-жылы Астрахань хан­дыгын караткан. Ага Сибирь ханы Едигер (1555) ж-а Чоң Ногой ордосу (1557) баш ийген. Тандал­ган рада кыйрагандан (1560) кийин, Иван IV жеке бийликти бекемдөөнү жалгыз өзү жүргүзгөн. Ал тышкы саясатында мамлекеттин чыгыш чек ара­сын кеңейтүүнү, батыш жагынан Балтика боюн кошуп алууну көздөгөн. Ички саясатында жеке бийликтин күчөшүнө каршы болгондор м-н аёо­суз күрөшкөн. Иван IV феодалдык бытырандылык­тын калдыгына каршы күрөшүп, ички саясий душмандарын жоюу максатында 1565-жылы Оп­ричнинаны түзгөн. Эл аны «Грозный« («Каар­дуу») деп атаган. Иван IV өз мезгилинин билимдүү адамы болгон. Китеп басууну уюштурууда чоң роль ойногон ж-а бир катар архитектуралык эстелик­терди салдырган.