ИВАНЧЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИВАНЧЕ́НКО Раиса Васильевна (1940-жылы туулган, УССР, Полтава облусу, Глобинск району, Опрыжки кыштагы) – саанчы, Социалисттик Эмгектин
Баатыры (1976).

1966-жыл­дан Аламүдүн районундагы Карл Маркс совхозунун саан­чысы. 1973-жылы ар уйдан 3870, 1974-жылы 4967, 1975-ж 5362, 1976-жылы 5467 кгдан сүт саап алган. 1975–84-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин де­путаты. Ленин, Эмгек Кы­зыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.