ИВАНО-ФРАНКОВСК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИВА́НО-ФРАНКО́ВСК (1962-жылга чейин С т а н и с л а в) – Украинанын батышындагы шаар. Иван Франко облусунун административдик борбору. Украина Карпатынын тоо этегинде жайгашкан. Калкы 217,6 миң (2007). Темир жол бекети, эл аралык аэропорту бар. Шаар 17-кылымдын 2-жарымында негизделген. 1919–39-жылдарда Польшанын, 1939-жылдан Украинанын курамында. Машина куруу ж-а металл иштетүү өнүккөн. Мини-трактор, айыл чарба шаймандарынын жабдуулары чыгарылат. Химия, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Архитектуралык эстеликтерге бай. Университеттер, китепкана, музейлер, театрлар бар. 1962-жылы украин жазуучусу И. Я. Франконун урматына аталган.