ЗЫНДАН КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЫНДАН КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Өзгөн районунда, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында, Доңуз тоо ж-а Зындан суулары­нын аралыгындагы кырда, Мырзаке кыштагынан 27 км түндүк тарапта. Кен 1939-жылдан белгилүү. 1987–90-жылдарда издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен 2 кабаттан ж-а бир нече кабатчадан турат. Төмөнкү кабат «Жөнөкөй», жогоркусу «Кари­мовский» деп аталат. «Жөнөкөй» кабатынын калыңдыгы 0,26 мден 105 мге чейин, «Каримов­ский» кабатынын калыңдыгы 0,09 мден 3,15 мге жетип, тереңдеген сайын жукарып жоголот. Сапаты боюнча көмүр газдуу (I Г) маркасына ки­рет, күлдүүлүгү 10,4–35,5%, күйүү жылуулугу 8199 ккал/кг. Эсептелген запасы С2 категория­сы боюнча 11,6 млн т.