ЗЫМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫМ – туурасынан кесилиши негизинен жумуру, айрым учурда чарчы, 6 кырдуу, сүйрү, үч бурчтуу, трапеция ж. у. с. узун металл (болот, алюминий, жез, никель, титан, цинк ж. б.) буюм. Биметалл ж-а полиметаллдардан да жасалат. Зым атайын станокто кысуу (басым м-н) ж-а созуу жолу м-н жасалат. Болот, жез, алюминий, титан эритмелеринен – кысуу; таза алюминий, цинк, жез эритмелеринен куюу; биметалл ж-а полиметаллдардан ныгыруу жолу м-н алынат. Зым түрмөк же чыбык түрүндө даярдалат. Диаметри 0,005 ммден 17 ммге чейин болот. Ал электр зымын, зым аркан, тор, мык, шуруп, пружина ж. б. буюмдарды жасоодо, ошондой эле ар кандай продукцияларды байлап, таңуу үчүн колдонулат. Болот зым датка каршы зат м-н капталат.