ЗЫГЫР БУЛАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЫГЫР БУЛАСЫ – зыгыр өсүмдүгүнөн алынган була. Кездеме токуу үчүн жип ийрүүдө техникалык зыгыр буласы колдонулат. Ал пек желими м-н тыгыз бириктирилген бир нече жеке булачалардан турат, узундугу 50–250 мм, жоондугу 100–300 мкм. Зыгыр буласынын химиялык курамы: 80% целлюлоза, 8,4% пек желими, 5,2% лигнин, 2,7% мом м-н май, 2,1% азот м-н белок, 1,1% күл. Зыгыр буласы зыгырдын сабагынан аны иштетүүчү ф-каларда сууга чылоо же механикалык жол м-н бөлүп алынат. Узун зыгыр буласынан кийимдик кездеме токулуучу ичке жиптер, кыска буладан одуракай кездеме токулуучу жоон жиптер ийрилет. Зыгыр буласы пахтага караганда жылуулукту жакшы өткөрөт, нымды сырткы чөйрөдөн тез сиңирип алып, кайра тез кургайт.