ЗУБР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗУ́БР (Bison bonasus) – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. Дене узундугу 3,5 м, бийиктиги 2 мге, салмагы 1,2 т га жетет. Башы чоң, мүйүзү кыска. Маңдайында көкүлү, ээгин­де сакалы, көкүрөгү м-н жонунда жалы бар.

Өңү күрөң. Жыныстык жактан 2–3 жашында же­тилет, 1 эркеги, 2–6 ургаачысы чогуу жашайт, 9 ай көтөрүп, август – сентябрда 1 музоо тууйт.
Өсүмдүк м-н азыктанат. Зубрлар Европа токойло­рунда көп болгон. Азыр жапайы түрүндө кез­дешпейт. 20-кылымдын башында коруктарда гана сакталган. Аны көбөйтүүнүн натыйжасында сак­тап калууга мүмкүн болду. Таза кандуу зубрдан башка аргындары өстүрүлгөн. Европанын бир катар өлкөлөрүндө атайын өстүрүүчү жайларда, Беловежа чер токоюнда, корук ж. б. жайларда асыралат. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.