ЗООТЕХНИЯ
ЗООТЕ́ХНИЯ (зоо... ж-а гр. ttchnē – өнөр, чеберчилик) – мал тукумдатуу, тоюттандыруу, багуу ж-а пайдалануу жөнүндөгү илим. Мал чарбасын өнүктүрүүнүн теориялык ж-а практикалык ыкмаларын иштеп чыгат. «Зоотехния» терминин 1848-жылы франциялык илимпоз Ж. Бодеман сунуш кылган. Азыркы зоотехния илими мал чарба азык-түлүгүн алуунун үнөмдүү технологиясын иштеп чыгуу м-н бирге, табият илимдерин кеңири пайдаланып, малдын биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү (жалпы биология, зоология, анатомия, гистология, физиология, биохимия, эмбриология, генетика ж. б.) ж-а зоотехнияга тыгыз байланыштуу болгон ветеринария, агрономия, айыл чарбасын уюштуруу ж. б. илимдерге таянат. Башка илимдердей эле зоотехния илими өзүнүн изилдөөлөрүндө тарыхый, салыштырма, тажрыйбалык, статистикалык ж. б. ыкмаларды пайдаланат. Жалпы ж-а айрым (мал түрү боюнча) зоотехнияга бөлүнөт. Ж а л п ы зоотехния малдын бардык түрлөрүн ж-а породаларын көбөйтүү, тоюттандыруу, багуу ж-а пайдалануунун негизин, а йр ы м зоотехния мал чарба тармагын жүргүзүүнүн технологиясын иштеп чыгат. Жалпы зоотехния мал өстүрүү, тоюттандыруу, багуу деген бөлүмдөрдөн турат. Зоотехниянын мал өстүрүү бөлүмүнүн негизги милдети малдын сапатын жакшыртуу ж-а санын көбөйтүү, ошондой эле малга таасир кылуунун жаңы жолдорун издөө болуп эсептелет. Малдын продуктуулугун (эт, сүт, жумуртка, жүн ж. б.) арттырууга ж-а жаңы породаларды чыгарууга асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн (тандоо, ылгоо, аргындаштыруу ж. б.) негизинде жетишилет, анын теория м-н практикасын мал өстүрүү жөнүндөгү илим иштеп чыгат. Зоотехниянын мал тоюттандыруу бөлүмү малдын сиңимдүү заттарга (белок, май, углевод, витамин ж. б.) муктаждыгын ж-а тоюттун химиялык курамы м-н аш болумдуулугун изилдөөнүн негизинде нормалап тоюттандыруу ыкмаларын, мал багуу бөлүмү малды багуу жолдорун (короо-сарайда, үйүрдө ж. б.) иштеп чыгат; ыкмалардын натыйжалуулугун ж-а фермадагы оор жумуштарды механикалаштыруу, автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт. Зоотехния байыртадан эле мал чарбачылыгы пайда болгондон өнүгө баштап, мал тоюттандыруу, багуу ж-а уруктандыруу жөнүндөгү жолдомолор, ошондой эле порода түшүнүгү пайда болгон. Орто кылымда ат армияда кеңири пайдаланылгандыктан, жылкы жөнүндө атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 14-кылымда араб окумуштуусу Абу Бекрдин жылкынын дене түзүлүшү жөнүндөгү трактаты жаралган. 18-кылымдын аягында жаңы породалар түзүлгөн. Зоотехниянын өнүгүшүнө Ч. Дарвиндин «Түрдүн келип чыгышы» (1859) деген эмгегиндеги эволюциялык окуу зор таасир тийгизген. Зоотехния илиминин негизинде Кыргызстандын мал чарбасы да өнүгүп, мал чарба азык-түлүгүн көбөйтүүдө чоң ийгиликтерге жетишилди. Кыргызстанда зоотехния илиминин өсүп, өнүгүшүнө академиктер А. С. Всяких, М. Н. Лущихин, Н. И. Захарьев, Р. Э. Садыков, И. М. Ботбаев, профессорлор Е. Г. Мезенцев, В. Ф. Денисов, Б. С. Сарбагышев, А. Н. Назаркулов, Ю. Г. Быковченко, О. Д. Дүйшөкеев, К. Алагушев, А. А. Абдыкеримов, А. С. Ажыбеков, И. Р. Раззаков ж. б-дын салымдары чоң. Республикада малдын жаңы породалары – ала-тоо ую, олуя-ата ую, кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, алай кою, кыргыз жаңы жылкысы чыгарылды. Кыргызстанда зоотехния боюнча илимий иштер КР УИАнын биология ж-а биотехнология институтунда, Кыргызстан мал чарба ветеринария ж-а жайыт ИИИде, КАУда ж. б. жүргүзүлөт.
Ад.: Иванов М. Ф. Полн. собр. соч. Т. 1–7. М., 1963–65; Борисенко Е. Я. Разведение сельскохозяйственных животных. 4-ое изд. М.; 1967; Зоотехникалык справочник. 2-бас. Ф., 1977; Достижения сельскохозяйственной науки / Отв. ред. А. А. Никонов. М., 1987.
Т. Ж. Чортонбаев.