ЗООЛОГИЯ МУЗЕЙИ
ЗООЛО́ГИЯ МУЗЕЙИ – жаныбарлардын коллекциялары (тери, кеп, скелет ж. б.) топтолгон илимий ж-а маданий агартуу мекеме. Зоология музейи жаныбарлардын систематикасы, зоогеографиясы, өзгөргүчтүгү, салыштырма анатомиясы ж-а морфологиясы, эволюциялык теория боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Зоология музейи студенттер, мектеп окуучуларынын арасында окуу иштерин, токой ж-а айыл чарба, аңчылык боюнча кеңештерди уюштурат. Кыргызстанда зоология музейи 1926-жылы уюштурулуп, адегенде «Край таануу музейи», 1953-жылдан зоология музейи деп аталып, Кыргыз ССР ИАнын карамагында болгон. 1963- жылдан КМУнун, 2000-жылдан КР УИАнын биология ж-а топурак таануу институтунун карамагында. Анын 10 миңден ашык коллекциясы бар. Кыргызстандын жаныбарларын изилдөөдө, аларды коргоо маселелерин калк арасында кеңири жайылтууда ж-а илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө мааниси чоң.