ЗОНАЛУУЛУК
ЗОНАЛУУЛУК г е о г р а ф и я д а – жаратылыш кубулуштарынын, компоненттеринин, ландшафттарынын кеңдик багытта (экватордон уюлдарга карай) закон ченемдүү (ырааттуулук м-н) өзгөрүшү. Зоналуулукту дүйнөлүк закон катары (жер бетинин бардык бөлүктөрүнө ж-а жаратылыштын бардык компоненттерине мүнөздүү) биринчи жолу В. В. Докучаев (1898) сунуш кылган. Жердин шар сымал формасы, ошого байланыштуу күн нурларынын жер бетине экватордон уюлдарды карай улам азайган бурч м-н келип түшүшү зоналуулукту пайда кылат. Анткени экватордон уюлдарды карай жер бетин күн нуру улам азыраак жылытат. Бирок планеталык-астрономиялык факторлор жер бетинде зоналуулуктун пайда болушуна шарт түзсө, зоналуулук жер бетинин түрүнө (кургактык же океан), деңиз ж-а аба агымдарынын таасирине, аймактын абсолюттук бийиктигине, рельефине жараша болот, башкача айтканда зоналуулуктун даана көрүнүшү географиялык катмардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Анын үстүнө жаратылыш компоненттери ар түрдүү болгондуктан, алардын өнүгүү закондору да ар башка мүнөздө. Климаттык, гидрологиялык, рельефтик, топурактык, өсүмдүктүк ж. б. зоналардын чектери бири-бирине дал келбейт. Айрым компоненттерде (өсүмдүк-топурактарда) зоналуулук айкын билинсе, бөлөк компоненттерде (мисалы, рельефте, борпоң тоотек катмарларында ж. б.) анчалык даана байкалбайт. Бирок, жаратылыш компоненттери өз ара аракетте болгондуктан, алар бири-бирине таасир тийгизет – ылайыкташат. Ошондуктан жер бетинде бирдиктүү табигый же ландшафттык зоналар калыптанат. Бир зонада ландшафттардын айрым бир түрү басымдуулук кылат. Ландшафттык зоналар жер бетинде өтө татаал, мозаикалык көрүнүштү пайда кылат: айрым зоналар (чөлдөр, талаалар) материктердин ичкери бөлүгүндө калыптанса, башкалары (мисалы, токойлор) океанга жакыныраак тилкени түзөт. Зоналар кеңдик багытта эле созулбастан, айрым учурларда меридиан багытында да (Түндүк Америкада ) жатат. Кээ бир зоналар кеңири (тайга, саванна сыяктуу), айрымдары куушураак тилкени түзөт. Тоолуу аймактарда кеңдик зоналуулук бийиктик алкактуулук м-н алмашат. Зоналуулук күн радиациясы сиңген жер бетинде ж-а ага жанаша жаткан абада, сууда, жука жер кыртышында гана даана байкалат. Атмосферада ал абанын жер бетиндеги катмары деген төмөнкү бөлүгүндө (орточо калыңдыгы 1,5–2,5 км, максимуму 4 км), сууда күн нуру сиңген 200 м тереңдикке чейин, кургактыкта жер астындагы сууларга чейинки үбөлөнүү катмарында (2–3 мден 100–120 мге чейин) ачык байкалып, алардан жогору же төмөн карай бүдөмүктөнүп кетет. Бирок, зоналуулуктун кыйыр белгилери географиялык катмардын эң четки чектеринде да кездешет.
Ад.: Колесник С. В. Общие географические закономерности Земли. М., 1970; Григорьев А. А. Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; Мильков Ф. Н. Физическая география. Учение о ландшафте и географическая зональность. М., 1986.
Т. Кулматов.