ЗИНИН РЕАКЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИ́НИН РЕАКЦИЯСЫ – нитробирикмелерди H2S, (NH4)2S же щелочтуу металлдардын суль­фиддери м-н калыбына келтирип, ароматтык аминдерди алуу жолу. 1842-жылы орус химиги Н. Н. Зинин ачкан. Процесс нитробирикмелер­ди калыбына келтиргичтер м-н ысытуунун на­тыйжасында жүрөт. Сульфиддерди негизинен антрахинон катарындагы аминдерди алууда же ди­ ж-а полинитробирикмелерди калыбына кел­тирүүдө колдонулат. 1-жолу ароматтык анилин­ди өнөр жайда синтездөөдө, ошондой эле 2-нафтиламинди, м-аминобензой кислотасын ж-а м-фенилендиамин­ди алууда колдонулган.