ЗИММЕЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗИ́ММЕЛЬ (Simmel) Георг (1. 3. 1858, Берлин – 26. 9. 1918, Страсбург) – немис философу ж-а социологу, «өмүр философиясы» агымынын көрүнүктүү өкүлү. Зиммель өзүнүн 1890–1900-жылдардагы социология боюнча эмгектеринде «формалдык социология» деп аталган теориянын негиз салуучусу катары таанылган. «Чыгармачылыктын трагедиясын» жашоонун чыгармачыл эргип турушунун ж-а анын маданияттын өнүкпөй токтоп калган формаларында объективдештирилишинин ортосундагы карама-каршылыктан көргөн.