ЗИМБАБВЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИМБА́БВЕ , З и м б а б в е Р е с п у б л и к а­с ы – Африканын түштүк бөлүгүндө жайгашкан өлкө.

Түндүк-чыгышынан ж-а чыгышынан Мозам­бик, түндүк-батышынан Замбия, түштүгүнөн ТАР, батышынан Ботсвана м-н чектешет. Аянты 390, миң км2. Калкы 16,6 млн (2024). Борбору – Ха­раре шаары (1982-жылга чейин – Солсбери). Расмий тил­дери – анлис, шона ж-а ндебеле тилдери. Акча бирдиги – Зимбабве доллары. Административдик-аймактык жактан 8 про­винцияга бөлүнөт; ошондой эле Хараре, Булавайо шаарлары да провинциялык статуска ээ. Провинциялар 59 округга, округдар 1200 муниципалитетке бөлүнөт.
БУУнун (1980), Африка союзунун (2002), ЭВФтин (1980), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сак­тоо уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)

Талица кетет!!!

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)

(1995), Африка биримдиги уюмунун (1980), Чы­гыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Түштүк Африка өнүгүү коомдоштугунун (1992), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1980), ЭВФтин (1980) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Зимбабве – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Мамлекет башчысы – президент (Р. Г. Мугабе; 1980-жылдан премьер-министр, 1987-жылы премьер-министрлик кызмат жоюлган соң, республиканын президенти, 2002-жылы кайра­дан шайланган). Президент 5 жылдык мөөнөткө жалпы добуш берүү жолу м-н шайланат. Ал өкмөттү да жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы – эки палаталуу парламент. Парламент Сенаттан ж-а Улуттук ассамблеядан түзүлөт.
Негизги саясий партиялары: Зимбабве Афри­ка улуттук союзу – Патриоттук фронту (1963-жылы уюшулган; партиянын биринчи катчысы – Р. Мугабе), Демократиялык өзгөртүүлөр үчүн кыймыл (2000-жылы түзүлгөн оппозициялык партия; төра­гасы – М. Цвангираи).

Табияты. Аймагын дээрлик Матабеле ж-а Ма­шона платолору ээлейт; алардын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 800–1500 м, эң бийик жери 2596 м (Иньянга тоосундагы чоку). Платолор түндүктө Замбези, түштүктө Лимпопо дарыяларынын өрөөндөрүн карай тепкичтенип жапыздайт. Зимбабве хром руда­ларынын ж-а платина тобундагы металлдардын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунда; ошондой эле алтын, те­мир кендеринин мааниси зор. Климаты түндүк

Иньянга тоосу.



Матусадена улуттук паркы.

бөлүгүндө субэкватордук, түштүгүндө тропиктик. Эң жылуу айынын (январь) орточо температурасы 21°– 27°С, эң серүүн айыныкы (июль) 10°–17°С. Жылдык жаан-чачыны түштүк-батышында 300– 750 ммден, чыгышында 1250 ммге чейин. Дарыя­лары Замбезинин ж-а Лимпопонун алаптары­на кирет. Замбези дарыясынын ортоңку агымында Ка­риба суу сактагычы курулган. Саванналуу сей­рек токой басымдуу; түш.-батышына чөлдөшкөн саванна мүнөздүү. Иньянга тоосунун чыгыш капталын дайыма жашыл нымдуу токой ж-а тоо шалбаасы ээлейт. Виктория-Фолс улуттук паркы уюштурулган. Бир нече резерват жана заказник бар.

Калкынын басымдуу бөлүгү (97,9%) африка­лыктар – бантулар (шона, матабеле, ндебеле, лоза, тонга ж. б.), ошондой эле европалыктар (100 миң­ге жакын), мулаттар да бар. Христиан (30%) ж-а салт болуп калган жергиликтүү динди (60%) тутат.

Зимбабвенин борбору – Хараре шаары.

Калктын табигый өсүүсү ИЖОС (СПИД) эпидемиясына байланыштуу (15–54 жаштагы­лардын 20%ке жакыны ВИЧке чалдыккан) төмөн (0,6%; 2007). Бала төрөлүү (1000 киши­ден 27,7) өлүм-житимден бир аз гана (21,8) жо­гору. Курактык структурада эмгек жашындагы­лар (15–64) басымдуу, 59,3%; өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 37,2%; 65тен ашкандар 3,5%. Орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 32,2 киши. Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы – 39,5 жаш (эркектериники – 40,6, аялдарыны­кы – 38,4). Шаар калкы 32%. Ири шаарлары: Хараре (1607 миң), Булавайо (713,3 миң), Гверу (148,9), Читунгвиза (352,2), Мутаре, (193,6). Экономикалык активдүү калктын (4 млн) 66%и айыл чарбасында, 24%и тейлөө чөйрөсүндө, 10%и өнөр жайында эмгектенет. Тарыхы. Зимбабве аймагын адамдар таш доорунан мекендеген. Темир дооруна таандык Гокомере, Леопардс-Копье, Зива эстеликтери белгилүү. 12- кылымда Зимбабве аймагында Мономотапа мамлекети пай­да болгон. 19-кылымдын аяк ченинде өлкөнү Улуу Британия басып алган соң, англиялыктар Зимбабвени Түштүк Родезия деп атаган. 1953-жылы Түштүк Родезия Родезия ж-а Ньясаленд федерациясынын кура­мына кирген. Антиколониялык кыймылдын күч алышынын натыйжасында Улуу Британия өкмөтү федерацияны таркатып, 1964-жылы Түштүк Родезия (Замбия) м-н Ньясаленддин (Малави) көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Бийлик ак расанын аз сандуу өкүлдөрүнүн ко­лунда болгондуктан, Түш. Родезиянын башын­да турган Я. Д. Смит бир тараптуу түрдө көз ка­рандысыз өз өкмөтүн жарыялаган (11. 11. 1965). Бирок эл аралык уюмдар аны тааныган эмес. 1978-жылы Я. Д. Смит ички кырдаалды жөнгө са­луу үчүн жергиликтүү элдик кыймылдын өкүлдөрү А. Т. Музорева ж-а Н. Ситоле м-н келишүүгө аргасыз болуп, 1979-жылы парламенттик шайлоо өткөргөн. Африка элинин Патриоттук Фронту шайлоого бойкот жарыялагандыктан, шайлоо­нун негизинде Музорева – Смиттин коалиция­лык өкмөтү түзүлүп, Зимбабве – Родезия респ­убликасы жарыяланган. Бирок аймакта куралдуу кү­рөш муну м-н эле токтоп калган эмес. 1980-жылы 18-апрелде көз карандысыз Зимбабве Республикасы жа­рыяланган ж-а шайлоодо Зимбабве Африка улуттук союзу партиясы жеңишке жетип, өкмөттү Р. Му­габе жетектеп, 1987-жылы өлкөнүн президенти бо­луп (1996-жылы экинчи мөөнөткө) шайланган. 90- жылдары өлкөнүн экономикасын модернизация­лоо боюнча бир катар реформалар жүзөгө ашырылса да, 1997- ж-а 1998-жылдарда Мугабенин бийлигине кар­шы кыймылдар башталганына карабастан, 2000-жылы парламенттик шайлоодо Зимбабве Африка улуттук союзу – Патриоттук фронту жеңишке жетишкен. 2002-жылы Р. Мугабе өлкө башчысы болуп калган.

Экономикасы. Зимбабве 1990-жылдардын аягына че­йин Африкадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири бол­гон; экономикасынын негизин айыл чарбасы, кен казып алуу ж-а туризм түзгөн. 2000-жылдардын ба­шында терең кризиске учураган. 1999–2005-жылдарда бүт чарба тармактарында өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге төмөндөгөн. 2006-жылы ИДПнин көлөмү 25,1 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бө­лүштүргөндө 2000 доллардан туура келген. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 59,4%, өнөр жайыныкы 22,9%, айыл чарбасыныкы 17,7%. Зимбабведе 40тан ашык кен казып алынып, ИДПнин 4,5%ин, экспорт-



тун 1/3 бөлүгүн түзөт. Кен байлыгынын ичинен экономикасында платина тобундагы металлдар, алтын, хромит, алмаз маанилүү орунду ээлейт. Зимбабве платина тобундагы металлдардын запасы б­оюнча дүйнөдө 3-орунда (ТАР, РФтен кийинки); жылына 12 миң т (5 миң тдан ашыгы платина, 4 тдан ашыгы палладий) казып алынат. Негиз­ги кендери: Мимоса, Нгези. Алтын негизинен Квекве, Хараре, Шуругви, Булавайо аймакта­рынан казылып алынат (2006-жылы 14 тдан ашык). Хромиттин запасы б-ча дүйнөдө 3 орунда (ТАР, Казакстандан кийинки). 2005-жылы 600 миң тдан ашык хромит казып алынган (ТАР, Казакстан ж-а Индиядан кийин 4-орунда турат). Ошондой эле ал­маз (Мурова, Чолочо; 251 миң кар), темир (Квек­ве; 377 миң т), литий (Масвинго; 37,5 миң т), көмүр (Хванге) 2,9 млн т) ж. б. казылып алы­нат. 2004-жылы 9,4 млрд кВт саат электр энергия­сы өндүрүлгөн; эң ири ГЭСи – Замбези дарыясындагы Кариба ГЭСи; ошондой эле ЖЭСтер да иштейт. Негиз­ги өнөр жай ишканалары: металлургия ж-а металл иштетүү, автомобиль химия, нефть ажыратуу, тамеки, тамак-аш, текстиль, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, эмерек ж. б. Айдоо жер өлкөнүн аймагынын 8,2%ин ээлейт; 1,7 миң км2 жери сугарылат. Экспорттук не­гизги өсүмдүгү – тамеки; ал 2000-жылы 227,8 миң т жыйналса, 2005-жылы 65 миң тга чейин (кирешеси 75%ке) кыскарган. Башка экспорттук маанилүү өсүмдүктөрү: пахта, бал камыш; маанилүү азык­түлүк өсүмдүктөрү: жүгөрү, ошондой эле маниок, жер жаңгак, буудай, соя, жашылча ж-а жемиш, не­гизинен апельсин, банан), чай, кофе, күн кара­ма, арпа ж. б. Келечекте экспорт үчүн гүл (неги­зинен чеге гүл, атыргүл) өстүрүүгө багыт алды. Эт ж-а сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. 2004-жылы 5,4 млн бодо мал, 3 млн эчки, 0,6 млн кой болгон. Кургакчылык ж-а цеце чымынынын көптүгү айыл чарбасына көп зыян келтирет.
Темир жолунун жалпы узундугу 3,1 миң км, анын 313 кми электрлештирилген (2005). Автомобиль жолунуку 97,4 миң км. Хараре, Булавайо шаарларында


Зимбабве акчасы.

эл аралык аэропорт бар. Замбези дарыясы (негизинен Мозамбикке хромит ташылат) ж-а Кариба суу сактагычы аркылуу кеме каттайт; порттору: Бинга, Кариба. Нефть куурунун узундугу 212 км (Бей­ра, Мозамбик – Мутаре). Товардык экспортунун наркы 1,8 млрд дол­лар, импорттуку 2,1 млрд доллар (2006). Экс­портко алтын, платина, феррокуйма, айыл чарба про­дуктуларын (негизинен тамеки, пахта, кант), текстиль, гүл чыгарып, сырттан машина ж-а анын тетиктерин, нефть ж-а нефть продукту­сун, химикат, азык-түлүк сатып алат. Негизги соода шериктери: ТАР, Кытай, Япония, Зам­бия, Нидерланд, Германия, Ботсвана.

Маданияты. 1980-жылга чейин билим берүү иши расалык дискриминация принцибинде болгон. Жергиликтүү калктын жана европалыктардын балдары бөлөк окутулган. Жогорку окуу жайлары: Хараредеги Роде­зия университети (1955-жылы негизделген) жана Хараре политехникалык институту (1927). Ири музейлери: Булавайо­догу улуттук Зимбабве музейи, Хараредеги Улуттук галерея жана башкалар. Ири китепканалары: Парламент­тик китепкана, Калк китепканасы, Универси­теттик китепкана жана башка. Англис тилинде «Ге­ральд», «Кроникл», «Санди мейл», «Санди ньюс» жана башка гезиттер чыгат. Массалык маалымат каражаттары трести (акционердик коом; негизги капиталы мамлекетке таандык) Зимбабве Африка өлкө­лөр аралык маалымат агентчилигине (ЗИАНА) карайт. Мамлекеттик радио уктуруу жвна телекөрсөтүү кызматы иштейт.

Харареге жакын алачык.


Ад.: Железный век Африки. М., 1982; Краснопевцева Т. И. Зимбабве М., 1988; Республика Зимбабве: Спра­вочник. М. 1985; Зимбабве // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.