ЗИМА Борис Михайлович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИМА́ Борис Михайлович [20. 08. 1908, Россия империясы, Малороссия (азыркы Украи­на), Херсон губерниясы, Елизаветград (азыркы Кропивницк) шаары, – 20. 12. 1980, Фрунзе шаары] – педагог, тарыхчы, профессор (1972). Кыр­гыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1972). Моск­вадагы тарых-философия институтун бүтүргөн (1935). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1942– 1946). Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институту (1935–1942; 1946–1951), Кыргыз Мамлекеттик университетинде окутуу­чу, доцент, тарых кафедрасынын башчысы, де­кан болуп иштеген (1951–1980). Илимий эмгектери Кыргызстандын тарыхына арналган. Саймалы-Таш­ка чегилген сүрөт жана оймо-чиймелерди изил­деп, анын табышмактуу сырларын илимий түрдө аныктаган. Б. М. Зима 40ка жакын илимий эмгектин авто­ру. Ленин, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Иссык-Кульские жертвенники. Ф., 1941; Из истории изучения наскальных изображений Киргизии//Тр. Ин-та истории АН Кирг. ССР. Ф., 1958. Вып. 4.