ЗИМА Анна Гавриловна
ЗИМА́ Анна Гавриловна (17. 02. 1909, Россия империясы, Одесса шаары – 27. 02. 1985, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – тарых илимдеринин доктору (1967), профессор (1971), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1969). Кыргыз элинин байыркы мезгилдерден бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы боюнча бир боюнча эмгектерин жазып, «Кыргыз ССР тарыхынын» үч жолку (1956, 1963, 1968) басылышын жазуу жана редакциялоо, ошондой эле редакциялык кеңештин мүчөсүнүн бири катары «Кыргыз ССР тарыхынын» беш томдук жаңы басылышын даярдоо иштерин жүргүзгөн.

Кыргыз ССР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). 1935-жылы Москвадагы тарых-философия институтун бүткөн. 1935–1956-жылдарда Кыргызстандын Жогорку окуу жайларында окутуучу, 1957–1973-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кызматкер, 1974- жылдан сектор башчысы болуп иштеген.
Эмг.: Победа Октябрьской революции в Киргизии. Фр., 1977; Разгром контрреволюционных сил в Киргизии в годы иностранной военной интервенции и гражданской войны. Фр., 1983.