ЗИГОТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИГО́ТА (гр. zygōtjs – бирге кошулган) – түр­дүү жыныстагы гаметалардын кошулушунан пайда болгон клетка. «Зигота» терминин немис бо­таниги Э. Страсбургер киргизген. Зигота хромосома­лардын диплоиддүү (кош) жыйындысы м-н гаметадан айырмаланат. Ал уруктануудан ки­йин өөрчүйт (көпчүлүк балырлар м-н козу карындарда) же сыртынан кабык м-н капталып, белгилүү убакка чейин тынч абалда болуучу спо­рага (зигоспорага) айланат, к. Уруктануу.