ЗЕНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕНИ́Т (фр. ztnith, ар. zemt-er-ras – жол, ба­гыт) – асман сферасынын байкоочунун дал тө­бөсүндөгү эң бийик чекити. Байкоочунун орду аркылуу өтүүчү тик сызык асман сферасын зениттин чекитинде кесип өтөт. Горизонттун үстүндө зениттин бийиктиги 90°ка барабар.