ЗЕКЕТ
ЗЕКЕТ (арабча – тазалануу) – ислам динин тиреп турган беш түркүктүн төртүнчүсү. Муктаждыкка дуушарланган мусулмандар үчүн алынуучу дин салыгы («ыктыярдуу жыйымы» дегенге жакын). Белгилүү бир баалуулукка ээ байлыктардын, жыл ичинде тапкан бардык кирешенин негизинде алынат, башкача айтканда кирешенин кырктан бирин түзөт (2,5%). Анын милдеттүүлүгү, көлөмү ж-а өндүрүү шарттары Куранда көрсөтүлгөн. Зекетте берилбөөчү айрым буюмдар да бар. Мисалы, аялдардагы кооздук үчүн колдонулуучу алтын шакек, иймек, билерик, сырга сыяктуу адими буюмдарга ж-а асыл таштарга берилбейт. Зекет эч нерсеси жок жарды кембагалдарга, каржысыз калган жолоочу-мусапырларга, «жихадга» (мусулмандар үчүн касиеттүү Ыйык согушка) катышкандарга жардам иретинде берилет. Албетте, зекет м-н садага экөө эки башка нерсе, буларды бири м-н бирин чаташтырбоо керек.