ЗЕЙНЕП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕЙНЕП Коркмаз (15. 5. 1922-жылы туулган, Түркия, Невшехир) – түрк тилчиси, филология илимдеринин доктору (1950), профессор (1964). Измирдеги кыздар лицейин (1940), Анкара университетин бүтүргөн (1944). 1945-жылдан ушул эле университетте илимий ассистент, түрк тилдери боюнча ассистент (1948) болуп иште­ген. 1954–55-жылдарда эски түрк тилдери боюнча адис ка­тары Гамбург университетине жиберилген. 1965–66-жылдарда Англия, Германияда (Мюнхен, Марбург, Бер­лин, Гамбург) илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн. Ан­кара университетинин ректору (1981–83), Гази университетин­де эмгектенген (1991). Түрк тилдери боюнча 16 ки­теп, 250гө жакын илимий макала жарыялаган. Ай­рымдары Германия, Австрия, Россия, Венгрия­да жарык көрүп, өкмөттүк илимий сыйлыктарга (35ке жакын) ээ болгон.

Эмг: Gramer Terimleri Sцzlьgь. Ankara, 1992; Tьrk Dili Ьzerine Arastэrmalar. I-II-III, Ankara (1995, 1997, 2007); Tьrkiye Tьrkзesi Grameri (Юekil Bilgisi). Ankara, 2007.


Ч. Жумагулов.