ЗАЧЁТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАЧЁТ – окуучу, студенттердин билим деңгээ­лин жыйынтыктоо ж-а аны текшерүүнүн, баа­лоонун бир формасы. Зачёт жеке ж-а топтук аңге­мелешүү же жазуу түрүндө семинар, практика­лык окуу, лабораториялык иш, ошондой эле тест фор­масында өткөрүлөт. Реферат, дилбаян, доклад формасында да болот. Сессия башталардан му­рун модул тапшырылып, андан алган баллына жараша зачёт коюлат. Студент эреже катары окуу планында көрсөтүлгөн зачёттун бардыгын берген­ден кийин гана экзамендик сессияга жиберилет.